11:16, 19 аяк оона 2019
Доска Авто Недвижимость Компании Кто есть кто Мнения читателей Ойно Работа Справочник АКИ-TV Баракелде Булбул

41 адам тирүүлөй өрттөнүп кеткен: Москвадагы учак кырсыктын себеби аталды

На русском
18:08, 6 бугу айы 2019 1412

Баракелде -  Россиянын тергөө комитети Москва шаарындагы «Шереметьево» аэропортунда болгон учак кырсыктын себебин атады. Маалымат боюнча, учкучтардын, диспетчерлердин, борттун техникалык абалын текшерген кызматкерлердин тажрыйбасыздыгы, аба ырайы жана техникалык бузулуу кырсыкка себеп болгон.

Тергөөчүлөр учкучтар менен диспетчерлердин сүйлөшүүсү жазылган атайын жабдыкты, ошондой эле камерага түшкөн видеону, күйүүчү майдын үлгүсүн алышты.

Учак 5-майда саат 18:02де Москва шаарынан Мурманскты көздөй чыккан. Бирок техникалык себептерге байланыштуу учуп чыккан аэропортко кайра кайтып, жерге конгону жатканда өрттөнгөн. Лайнерде жалпы 78 адам болсо, алардын арасында өспүрүмдөр да бар. Ал эми беш адам экипаждын мүчөлөрү болгон. Учак жерге конгондон кийин 33 жүргүнчү жана экипаждын 4 мүчөсү эвакуацияланган.

Кырсыкка кабылган учактын ичинен 41 адамдын өрттөнгөн денесин алып чыгышты. Каза болгондордун өздүгүн аныктоо үчүн генетикалык экспертиза дайындалды. Ал эми жабыркагандардын саны 22 адамга жетип, күбөлөр, аэропорттун кызматкерлери, жабырлануучулардын туугандары суралып жатат.

Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком