17:29, 15 жетинин айы 2019
Доска Авто Недвижимость Компании Кто есть кто Мнения читателей Ойно Работа Справочник АКИ-TV Баракелде Булбул

Кыргызстанда Улуу Ата Мекендик согуштун канча ардагери жашайт?

На русском
10:27, 4 бугу айы 2019 185
Асек Урманбетов
Асек Урманбетов

Баракелде -  2019-жылдын 1-апрелине карата республикада Улуу Ата Мекендик согуштун 91 майыптары, 224 катышуучусу, концлагерлердин жашы жете элек 17 туткуну жана 24 Ленинград блокадачылары, ошондой эле 2164 ооруктун эмгекчилери бар.

Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин маалыматы боюнча, 2010-жылдын 1- январынан тартып Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлери ай сайын жеңилдиктердин ордуна акчалай компенсация алышат.

- Улуу Ата Мекендик согуштун майыптары жана катышуучулары, Ленинград блокадачылары жана концлагерлердин жашы жете элек туткундары — 7000 сом;

- майыптуулугу бар ооруктун эмгекчилери жана эмгек армиячылары — 2000 сом;

- Улуу Ата Мекендик согушта курман болгондордун жана согуштан кийин каза болгон согуштун катышуучуларынын жесирлери, майыптыгы жок ооруктун эмгекчилери — 1000 сом.

Мындан тышкары Улуу Ата Мекендик согуштун майыптары жана катышуучулары, Ленинград блокадачылары жана концлагерлердин жашы жете элек туткундары 2010-жылдан тартып президенттин жарлыгы менен бекитилген үстөктү эске алуу менен ай сайын өмүр бою берилүүчү 10000 сом өлчөмүндөгү стипендия алышат.

Жыл сайын республикалык бюджеттин каражаттарынан 9-майга карата бир жолу берилүүчү акчалай жөлөк пул төлөнөт:

- Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучулары, майыптары, Лениград блокадачылары жана концлагерлердин жашы жете элек туткундары — 15 000 сом;

- майыптыгы бар ооруктун эмгекчилери, эмгек армиячылары, Улуу Ата Мекендик согушта курман болгондордун жана согуштан кийин каза болгондордун согуштун катышуучуларыны жесирлери, майыптыгы жок ооруктун эмгекчилери — 10 000 сом.

Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком