04:01, Үчтүн айынын он сегизи, 2020
23:29, Үчтүн айынын он жетиси, 2020266 Ошто уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү кармалды
22:00, Үчтүн айынын он жетиси, 2020150 Оштун бюджети 194,9 млн сомго көбөйөбү?
Учурда окулуп жатат
12:44, Үчтүн айынын он жетиси, 2020 (3 адам окуп жатат)
Баетов айылындагы Э.Карасартов мектебине 137 миң сомдук жабдуулар келди
12:18, Үчтүн айынын он жетиси, 2020 (0 адам окуп жатат)
Карта-схема конфликтов вокруг анклава Ворух в Баткенской области
16:44, Үчтүн айынын он жетиси, 2020 (2 адам окуп жатат)
Видео — Ошто ИИМдин мурдагы кызматкери кармалды

Казакстандын президенттигине талапкерлер: Үч мырза жана депутат айым

17:38, Чын куран айынын жыйырма беши, 2019 (Жаңыланды: 17:48, Чын куран айынын жыйырма беши, 2019) 465

Баракелде -  Казакстандын президенти кызматына талапкерлердин катарына Толеутай Рахимбеков да кошулду. Аны «Айыл» («Ауыл») элдик-демократиялык патриоттук партиясы сунуштаганын Tengrinews.kz. басылмасы жазды.

«Ар кандай пикирлер жана талаш-тартыш болду. Бирок бүгүн партиянын саясий кеңешинин отурумунда бир пикирге келдик. "Ауыл" партиясынан Казакстандын президенттигине талапкер болуп Рахимбеков Толеутай Сатаевич көрсөтүлөт», - деди партиянын төрагасы Али Бектаев.

Мындай чечим партиянын кезексиз XV съездинде кабыл алынды.

Казакстандын жаңы президентин шайлоо 2019-жылдын 9-июнунда өтөт.

Буга чейинки талапкерлер:

-------------------------------------------------------------------------------------------

Биринчи талапкер:

Алгачкы талапкер Борбордук шайлоо комиссиясына 22-апрелде документтерин тапшырганы маалым болгон. Комиссиянын маалыматы боюнча, Садыбек Тугелдин талапкерлиги «Ұлы Дала Қырандары» республикалык кыймылы» коомдук бирикмеси тарабынан көрсөтүлгөн.

Талапкер 1955-жылы төрөлгөн. Ал учурда Улуттук ат оюндары федерациясынын вице-президенти, «Ұлы Дала Қырандары» республикалык кыймылы» коомдук-социалдык маданий кыймылынын тең төрагасы, 10 китептин автору, эмгек сиңирген машыктыруучу, спорттун ардактуу кызматкери, спорт журналистикасы боюнча Сейдахмет Бердикулов атындагы сыйлыктын ээси, ошондой эле Улан районунун ардактуу атуулу болуп эсептелет.

Жубайы экөө 1 уул, 1 кыздын ата-энеси. 3 небереси бар.

-------------------------------------------------------------------------------------------

Экинчи талапкер:

Казакстанды 29 жылдан бери башкарган президент Нурсултан Назарбаев президенттик кызматка талапкер сунуштады. Ал бул кызматка «Нур Отан» партиясынын кезексиз съездинде учурдагы өлкө лидери Касым-Жомарт Токаевдин талапкерлиги тууралуу айткан.

«Нур Отан» партиясы — Казакстандагы 900 миңден ашык мүчөсү бар эң ири партия болуп эсептелет. 2016-жылдагы парламенттик шайлоодо бул партия шайлоочулардын 82,2% добушун топтоп, Мажилистин төмөнкү палатасындагы 107 орундун ичинен 84 орунга ээ болгон.

-------------------------------------------------------------------------------------------

Үчүнчү талапкер:

24-апрелде Казакстандын «Ак жол» демократиялык партиясынын кезексиз съезди өтүп, партиянын атынан президенттик кызматка талапкер тандалды. Ал — Мажилистин VI чакырылышынын депутаты Дания Еспаева.

Еспаева Дания Мадиевна 1961-жылы 5-мартта төрөлгөн. Үй-бүлөлүү жана 2 баланын апасы. Ал Алмата техникумунда жана Казак мамлекеттик башкаруу академиясында билим алган. Карьерасын банкта экономист болуу менен баштап, жетекчилик кызматтарга чейин жеткен. Ал 2016-жылы «Ак жол» партиясынан Мажилиске депутат болуп шайланган.

Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком