07:45, 25 баш оона 2019
Доска Авто Недвижимость Компании Кто есть кто Мнения читателей Ойно Работа Справочник АКИ-TV Баракелде Булбул

Боксчу Мирлан Түркбай уулу Азия чемпионатында коло медаль утту

На русском
17:34, 25 чын куран 2019 159
Мирлан Туркбай уулу
Мирлан Туркбай уулу

Баракелде -  Кыргызстандык боксчу Мирлан Түркбай уулу Азия чемпионатында коло медаль утту. Турнир учурда Тайланддын Бангкок шаарында өтүп жатат.

Бүгүн, 25-апрелде турнирдин жарым финалдык беттеши башталып, Түркбай уулу өзбекстандык Нодиржон Мирзахмедовго каршы мушташкан. Үч раунддун жыйынтыгында калыстардын чечими менен өзбекстандык боксчу жеңишке жеткен. Ал эми Мирлан Түркбай уулу 49 кг салмакка чейинки категорияда 3-орунга ээ болуп, коло медаль тагынды.

49 кг салмакка чейин

1/8 финал, 20-апрель

Мирлан Түркбай уулу — Мухаммед Аль-Карнас (Йемен) — 5:0

1/4 финал, 22-апрель

Мирлан Түркбай уулу — Комелис Квангу Лангу (Индонезия) — Түркбай уулунун жеңиши

Жарым финал, 25-апрель

Нодиржон Мирзахмедов (Өзбекстан) — Мирлан Туркбай уулу — Мирзахмеддун жеңиши.

Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком