04:00, 18 кулжа 2019
Доска Авто Недвижимость Компании Кто есть кто Мнения читателей Ойно Работа Справочник АКИ-TV Баракелде Булбул

Жөө адамды өлтүрө сүзүп, качып кеткен айдоочу кармалды (сүрөт)

На русском
07:55, 25 чын куран 2019 1017

Баракелде -  Бишкек—Кордай унаа жолунда жөө адамды сүзүп, өзү качып кеткен айдоочу кармалды. Окуя 15-апрелде саат 22:50 чамасында болгонун Чүй ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, жөө жүргүнчү — Ленин айылынын 1947-жылы туулган тургуну ошол жерде көз жумган. Аламүдүн РИИБдин, Криминалдык милиция кызматынын жана ОИИБдин жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн кызматкерлеринин ыкчам издөө иштеринин жүрүшүндө кечээ, 24-апрелде шектүүнүн өздүгүн аныкталган. Ал Васильевка айылынын 1974-жылы туулган тургуну Ю.О. экени такталды.

«Ошондой эле милиция кызматкерлери "Хонда Одиссей" үлгүсүндөгү унааны аныкташты. Унаа айып короого киргизилип, сотко чейинки өндүрүш иштери улантылып жатат», - деп айтылат маалыматта.

Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком