18:37, 14 жетинин айы 2019
Доска Авто Недвижимость Компании Кто есть кто Мнения читателей Ойно Работа Справочник АКИ-TV Баракелде Булбул

Экс-депутат Д.Асылбек уулу Казакстанда 10 жылга кесилди. Партиялаштарынын пикири

На русском
17:32, 24 чын куран 2019 279
Дамирбек Асылбек уулу
Дамирбек Асылбек уулу

Баракелде -  Алмата шаарында Жогорку Кеңештин мурунку депутаты Дамирбек Асылбек уулу («Кыргызстан») 10 жылга эркиндигинен ажыратылды. Анын партиялаштары Алмазбек Баатырбеков менен Канат Исаев соттун чечими тууралуу билбегенин айтышты.

Алмазбек Баатырбеков: «Дээрлик бардык сот отурумуна катышып, жактоочулар менен жолуктук. Процесстин катышуучулары ага акчаны жашыруун таштап кетишкенин көрүштү. Чечим кандай кабыл алынганы түшүнүксүз. Албетте, туугандары менен сүйлөшөт деп ойлойм. Алар апелляцияга берет болуш керек. Биз чечим акыйкат болот деп күткөнбүз», - деди.

Ал эми Канат Исаевдин айтымында, бүгүн акыркы чечим чыгарын билген.

«Чечим көбүрөөк саясий болду деп ойлойм. Биздин бардык депутаттар кезек менен сот отурумуна катышты. Анын күнөөсү боюнча далил табылган жок. Бул далилденген. Видеодон бул алдын ала даярдалганын көрүүгө болот. Сот кийинки инстанцияда сөзсүз акыйкат чечим чыгарып, ал эртеби-кечпи акталышы керек», - деди ал.

Казакстандын Башкы прокуратурасынын маалыматы боюнча, 2018-жылы 15-16-февраль күндөрү Улуттук коопсуздук жана улуттук бюро комитетинин көзөмөл органы бажы тармагындагы коррупцияны, ошондой эле өлкөнүн чек ара аймагында аткезчилик менен алектенген уюшкан кылмыштуулукту токтотуу максатында Алмата, Жамбыл, Түштүк Казакстан облустарында жана Алмата шаарында чоң масштабдуу операция жүргүзгөн.

Шаардык соттун маалыматына караганда, аларга Казакстандын Кылмыш-жаза кодексиндеги 234-берененин 3-бөлүгү (мамлекеттик милдет аткарып жаткан ыйгарым укуктуу кызматкерлердин Евразия экономикалык биримдигинин бажы чек арасы аркылуу ири өлчөмдөгү товар же башка предметтерди ташуусу) жана 264-берененин 2-бөлүгү ( улуттар аралык уюшкан топко же улуттар аралык кылмыштуу топко катышуу) боюнча айып тагылган.

Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком