01:35, 20 теке 2019
Доска Авто Недвижимость Компании Кто есть кто Мнения читателей Ойно Работа Справочник АКИ-TV Баракелде Булбул

Бишкектеги эки автобустук жаңы каттамдын картасы

На русском
14:00, 24 чын куран 2019 209

Баракелде -  Бүгүн, 24-апрелде Кытай өлкөсүнөн алынган газ менен жүрүүчү жаңы автобустар көрсөтүлдү.

Жаңы алынган автобустардын жалпы саны — 60. «Бишкек жүргүнчүлөр автотранспорт» ишканасынын башчысы Нурлан Койчубаковдун айтымында, 30 автобус учурдагы каттамдарга кошулат. Ал эми калган жаңы 30 автобус №48 жана №36 жаңы каттамга чыгат.

№48 автобустун каттамы №36 автобустун айланма жолун кайталайт. Бирок кайта экинчи тарапка Токтогул көчөсү менен келет. Акыркы аялдамасы Жибек Жолу проспектисиндеги Батыш бекетинде жайгашкан. Андан кийин каттам Жибек Жолу көчөсү менен Курманжан датка көчөсүнө чейин, ал жерден Чүй проспектиси менен жүрөт. Гоголь көчөсүнөн сол тарапка бурулуп, Москва көчөсүнөн чыгыш тарапка кетет. Андан кийинки каттам: Москва көчөсүнөн Ибраимов көчөсүнө чейин, Бөкөнбаевден Тыныстановго чейин, Тыныстановдон түштүк тараптагы Түгөлбай ата көчөсүнө чейин, ал жерден Эркиндин бульварына чейин, бульвардан Токтогулга жана түз Фучик көчөсүнө чейин жүрөт. Фучик көчөсү менен Жибек Жолу көчөсүнө бурулуп, Батыш бекетине чейин жетет.

№36 автобустун каттамы айланма жол менен жүрбөй, шаардын түндүк менен түштүк бөлүгүн бириктирет. Маршруттун каттамы Ак-Өргө конушунда Ашар менен Ахунбаев көчөсүнүн кесилишинде башталат. Ал жерден Ашар көчөсүнөн баштап Гагаринге чейин түндүк тарапка, андан кийин Бакаев көчөсүнө жетип, түштүк тарапка бурулуп, Айни көчөсүнө жетип, ал жерден Ч.Айтматов проспектисине чыгат. Проспектен түз Киев көчөсүнө жетип, ал жерден Абдрахманов менен Жибек Жолу көчөсү менен түз жүрөт. Жибек Жолу көчөсүнөн түз Осмонкуловго чейин каттайт.

№48 автобустук каттам кочкул кызыл түс, ал эми №38 автобустук каттам жазыл түстө белгиленди.

Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком