18:06, 23 аяк оона 2019
Доска Авто Недвижимость Компании Кто есть кто Мнения читателей Ойно Работа Справочник АКИ-TV Баракелде Булбул

Мамкаттоодогу 3 чиновниктин кармалышы: УКМКнын башчысы тендердеги коррупция тууралуу айтып берди

12:24, 24 чын куран 2019 279
Идрис Кадыркулов
Идрис Кадыркулов

Баракелде -  Жогорку Кеңештин бүгүн, 24-апрелдеги отурумунда күн тартибиндеги биринчи маселе — Өкмөттүн 2018-жылдагы иши жөнүндө премьер-министрдин отчету болду. Бул отчет бардык комитеттерде каралып чыккан.

Депутат Мирлан Жээнчороев («Республика—Ата Журт») паспорт берүү маселесин көтөрүп, Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин башчысына суроо узатты.

«Бул маселе абдан талкууланып жатат, ошондуктан сиздерден уруксат сурап, кенен айтып берейин. Паспорттук реформа 1994-жылдан бери келе жатат. Ошол күндөн бери кыргыздын мамлекеттик паспортун террористтер, экстремисттер колдонуп жатат. 2014-жылы Стамбул шаарында Кытайдын 98 жараны Кыргызстандын паспорту менен ажылык сапарга бара жатканда кармалган. Кечээ эле Киевдеги жардырууга шектүү эки адамдын колунан кыргыз паспорту чыкты. Эл аралык серепчилер айткандай, бул абдан коррупциялашкан тармак болуп кетти.

УКМКнын тергөө органдары 2012-жылдан бүгүнкү күнгө чейин паспорт жасоо, мыйзамсыз берүү, колдонуу боюнча 150 кылмыш иш козгоптур. 2017-жылы абдан белгилүү маалымат агенттиги "Гарсу Пасаулис" фирмасы боюнча жазып чыккан экен. Алардын билдирүүсү боюнча, Брюссель прокуратурасы 2 кылмыш ишин козгоп, тергеген экен», - деди УКМКнын башчысы Идрис Кадыркулов.

Анын айтымында, биринчи кылмыш иш Конго Демократиялык Республикасында катталса, экинчиси — ушул эле фирма Комор аралдарында паспорт жасап, 100 миң долларга чейин сатылган.

«2018-жылы октябрь айында тендер жарыяланып, ар бир катышуучудан келишимдердин көчүрмөсү суралган. Бул бир да мамлекетте колдонулбайт. Келишим коммерциялык, кызматтык купуя болуп эсептелинет. Ошондуктан ири фирмалар катышпай койгон. Октябрда 5 компания катышып, ноябрда пакеттерди ачып, изилдөөнү баштаган. 10-декабрда тендердик комиссия бешөөнү тең өткөрбөй салат. Документтер шайкеш келбейт деп протоколго кол коюлуп, келишимдер жокко чыгарылышы керек болчу. Бирок 11-декабрда Мамкаттоонун жетекчилери тендер комиссиясы жок эле Мамлекеттик сатып алуулар департаментине кат менен кайрылган. 12-декабрда департамент мыйзам чегинде карагыла деп кат жөнөткөн. Мамкаттоонун жетекчилиги катты оңдоп-түзөп, экинчи жолу кат жазып, сынакты уланта берсеңер болот жана кошумча материалдар талап кылынат деп жазып, чыгарып берип койгон. Ал каттын негизинде комиссия 5 компаниянын үчөөнү чыгарып салган. Алардын ичинде ири компаниялар бар. 1-февралда комиссия "Гарсу Пасаулис" утуучу деп жарыялайт», - деди ал.

Идрис Кадыркулов эки компания чечимге макул болбой, министрликке кайрылганын кошумчалады. Мамкаттоонун тендердик комиссиясы тендер мыйзамдуу өткөн деген чечим чыгарган.

«Мамкаттоонун жетекчилиги "Гарсу Пасаулистин" өкүлүнө телефон чалып, "жеңиш силердики, келишим түзөбүз" деп Литвадан чакырган. Алар февралдын аягында келишимге кол коюш керек болчу. Бирок Башкы прокуратура Кылмыштар жана жоруктардын бирдиктүү реестрине каттап, биз карап жатабыз», - деди.

----------------------------------------------------------------------------

Мамлекеттик каттоо кызматынын жана «Инфоком» ишканасындагы 3 кызматкердин баш коргоо чарасын Биринчи май райондук соту 17-апрелде кечинде караган. Судья Адылбек Субанкулов аларды УКМКнын абагына (СИЗО) 2019-жылдын 15-июнуна чейин камоо чечимин чыгарды. Учурда 3 кызматкер тең УКМКнын абагында.

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин кызматкерлери тарабынан өкмөткө караштуу «Инфоком» мамлекеттик ишканасынын жетекчиси Талант Абдуллаев, Мамлекеттик каттоо кызматынын төрайымынын орун басары Русланбек Сарыбаев, статс-катчысы Данияр Бакчиев кармалганы маалым болуп, УКМКнын басма сөз кызматы буга чейин козголгон кылмыш иштин алкагында тергөө иш-чаралары жүргүзүлүп жатканын билдирген.

Расмий маалымат боюнча, 2018-жылы октябрь айында Мамлекеттик каттоо кызматы Кыргыз Республикасынын жаңы муундагы жарандары үчүн биометрикалык паспортко бланк сатып алууга 1,2 млрд сомго тендер жарыялап, ага чет өлкөлүк 5 компания катышкан. Алардын бири 686 млн 772 миң 250 сом сунуштаган. Бирок комиссиянын чечими менен 940 млн 150 миң сом сунуштаган компания тендердин жеңүүчүсү деп табылган. Анын кесепетинен сынактын катышуучулары сунуштаган сумманын ортосундагы айырма 253 млн 377 миң 750 сомду түзгөн. Тактап айтканда, бир паспорттун баасы 420 сомду түзүп, тендерден уткан компания сунуштаган баадан (585 сом) 165 сомго арзан болмок.

«Тендердик комиссиянын негизсиз чечими менен бланк продукциясын жасоо тажрыйбасына ээ болгон дүйнөгө белгилүү компаниялар сынактан четтетилген. Бул факты боюнча материалдарды Башкы прокуратура Жазык кодексиндеги 319-берененин (коррупция) Кылмыштар жана жоруктардын бирдиктүү реестрине каттаган», - деп айтылат маалыматта.

5 компаниянын тизмеси:

- Muhlbauer ID Services GmbH — 686 миллион 772 миң 250 сом;

- Veridos GmbH — 936 миллион 347 миң 750 сом;

- «Гарсу пасаулис» — 940 миллион 150 миң сом;

- IDEMIA France SAS — 948 миллион 713 миң 750 сом;

- Казакстандын улуттук банкынын банкноттук фабрикасы — 1 миллиард 257 миллион 847 миң 112,5 сом.

Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком