16:23, 26 баш оона 2019
Доска Авто Недвижимость Компании Кто есть кто Мнения читателей Ойно Работа Справочник АКИ-TV Баракелде Булбул

Эртең Бишкектин айрым аймактарында таза суу өчүрүлөт

На русском
08:20, 24 чын куран 2019 117
Иллюстрациялык сүрөт
Иллюстрациялык сүрөт

Баракелде -  Бишкек шаарынын айрым райондорунда эртең, 25-апрелде саат 09:00дөн баштап 17:00гө чейин таза суу убактылуу токтотулат. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

«Батыш» суу топтомундагы оңдоп-түзөө иштерине байланыштуу көрсөтүлгөн убакытта Садыгалиев, Профсоюзный, Фучик жана темир жол тилкесинде таза суу өчүрүлөт.

Ошондой эле төмөнкү даректерде таза суу токтойт:

- Кызыл-Аскер кошуну, 110-квартал, Достук кичи району;

- «Шоро» жабык акционердик коому;

- «Жашылча» ЖЧК;

- «Нургаз» ЖЧК;

- «Глобал Групп» ЖЧК;

- Улуттук гвардиянын бөлүмү;

- «Алтын Тамыр» жабык акционердик коому;

- «Кыргызконьягы» ЖЧК;

- «Тамга-Таш ЛТД» ЖЧК;

- «Транс Союз Азия» ААК;

- «Кыргызмебель» ААК;

- «Бишкек-Петролиум» май куюучу жайы;

- ИИМдин атайын мектеби;

- №1 үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун филиалы (Сельсовет көчөсү);

- Республикалык наркология борбору (№2 бөлүм);

- «Илбирс»;

- «Ак Жол» ЖЧК (көмүр кампасы);

- «Асскон» ААК;

- №15, 49, 50, 54 мектептер;

- №159 бала бакча;

- «Полибетон» акционердик коому;

- «БПП Резьби» ЖЧК;

- №2901 автоколонна ;

- №1 мектеп-интернат;

- аскер шаарчасы, аскер бөлүктөрү жана П.Лумумба көчөсүндөгү откана;

- Чүй проспектисиндеги райондук откана;

- Мамлекеттик материалдык резевдер фонду;

- УКМКнын имараты;

- Батыш РЭС;

- «Бишкек эт комбинаты» ААК;

- Кондитердик фабрика;

- Ленин райондук аскер комиссариаты;

- «Фрунзе-Плюс» гипермаркети.

Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком