18:10, 23 аяк оона 2019
Доска Авто Недвижимость Компании Кто есть кто Мнения читателей Ойно Работа Справочник АКИ-TV Баракелде Булбул

Балбан Ойбек Насиров Азия чемпионатында коло медалга ээ болду

На русском
21:30, 23 чын куран 2019 310

Баракелде -  Кыргызстандын эркин күрөш боюнча балбаны Ойбек Насиров Кытайда болуп жаткан Азия чемпионатында коло медалга ээ болду.

Бул турнирде ал 79 килограмм салмакка чейин күч сынап, ирандык балбанга утулуп калган. Ал эми ирандык балбан финалга жолдомо алып, Насирдиновго коло медаль үчүн күрөшүүгө мүмкүнчүлүк болгон.

3-орун үчүн кармашта кыргызстандык балбан атаандашы кытайлык Зепинг Лин менен беттешкен. Жыйынтыгында Насиров кытайлык атаандашын жеңип, Азия чемпионатынын коло медалын алды.
Аталган турнирде бул медаль Кыргызстан курамасы үчүн биринчи медаль болду.

79 килограмм салмакка чейинки категориянын жыйынтыгы:

1/4 финал

Бахман Мохаммад Теймури (Иран) — Ойбек Насиров — 11:4

Көңүл жубатуучу беттеш

Коло медаль үчүн күрөш

Ойбек Насиров — Зепинг Лин (Кытай) — Насировдун жеңиши.

Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком