13:45, 6 бештин айы 2019
Доска Авто Недвижимость Компании Кто есть кто Мнения читателей Ойно Работа Справочник АКИ-TV Баракелде Булбул

Баңгизат сатып жүргөн жаран кармалды

На русском
19:01, 23 чын куран 2019 302
Иллюстрациялык сүрөт
Иллюстрациялык сүрөт

Баракелде -  ИИМдин Криминалдык милиция кызматынын кызматкерлери өзгөчө ири көлөмдөгү баңгизатын ташыган жолду аныктоого жана ага бөгөт коюуга багытталган атайын операция жүргүзүштү.

ИИМдин басма сөз кызматы билдиргендей, 20-апрель күнү баңгитрафигинин жолуна бөгөт коюуга багытталган ыкчам иш-чаралардын натыйжасында баңгизаттарды даярдоо, сактоо, сатуу жана өткөрүп берүү менен алектенген жаран колго түшүрүлдү. Андан 15 килограммдан ашуун гашиш табылган.

Аталган факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган. Жазык кодексинин 267-беренесинин (Баңгизат каражаттарын, акыл-эске таасир берүүчү заттарды, алардын аналогдорун сатып өткөрүү максатында мыйзамсыз даярдоо, сатып алуу, сактоо, ташуу, жөнөтүү, берип жиберүү) негизинде сотко чейинки өндүрүш иши башталды.

Учурда аталган кылмыш ишке тиешеси бар башка жарандарды аныктоо боюнча ыкчам тергөө иш-чаралары жүрүп жатат.

Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком