18:37, 14 жетинин айы 2019
Доска Авто Недвижимость Компании Кто есть кто Мнения читателей Ойно Работа Справочник АКИ-TV Баракелде Булбул

Абактагы адам телефон аркылуу акча таап жүргөн

На русском
18:17, 23 чын куран 2019 303

Баракелде -  ИИМдин Криминалдык милиция кызматынын кызматкерлери тарабынан абакта жазасын өтөп жаткан жаран телефон алдамчылыгы менен алектенип жүргөнү аныкталды. Бул тууралуу бүгүн, 23-апрелде ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Ушул жылдын март айынын аягында белгисиз адам Чүй облусунун жашоочусуна (аял киши) телефон аркылуу чалып, өзүн кичи автобустун айдоочусу катары тааныштырып, Россиядан келген буюмду алыш үчүн терминал аркылуу бажы төлөмүн төлөө керектигин айткан. Анын кесепетинен жабырлануучу 3000 сом өлчөмүндөгү зыянга учураган.

Жогорудагы факты боюнча жүргүзүлгөн ыкчам издөө иш-чараларынын натыйжасында телефон алдамчылыгына тиешеси бар жаран аныкталган. Ал ЖАМКтын мекемелеринин биринде жаза мөөнөтүн өтөп жаткан 1986-жылы туулган Ш.Д. болуп чыкты. ИИМдин Криминалдык милиция кызматы менен Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматы биргеликте далил заттарды алуу жана кылмыш ишине тиешеси бар жарандарды аныктоо максатында ыкчам издөө иш-чараларын жүргүзүшкөн. Ал эми 19-апрелде соттолгон Ш.Д.га тиешелүү уюлдук телефон табылган.

Жаза мөөнөтүн өтөп жаткан Ш.Д. ички тартипти бузгандыгы, уруксат берилбеген буюмдарды сактагандыгы жана колдонгону үчүн бир айга камералык типтеги бөлмөгө камалды. Алдамчылык фактысы боюнча сотко чейинки иликтөөлөр жүрүп жатат.

Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком