03:58, 18 кулжа 2019
Доска Авто Недвижимость Компании Кто есть кто Мнения читателей Ойно Работа Справочник АКИ-TV Баракелде Булбул

Аламүдүндүк тургундун үйүнөн 1 кг баңгизат табылды

На русском
17:11, 23 чын куран 2019 76

Баракелде -  Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын кызматкерлери тарабынан Чүйдөгү Аламүдүн районунан 1 килограмм 174 грамм марихуана табылып алынды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Аламүдүн районунун 37 жаштагы тургуну К.С.нын үйүнө кароо жүргүзүү учурунда баңгизат табылган. Экспертизанын жыйынтыгында табылган баңгизат майдаланган марихуана экени аныкталды. Бул факты Кылмыштар жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, Жазык кодексиндеги 267-берене (баңги каражаттарын, акыл-эске таасир берүүчү заттарды, алардын аналогдорун сатып өткөрүү максатында мыйзамсыз даярдоо, сатып алуу, сактоо, ташуу, жөнөтүү, берип жиберүү) боюнча сотко чейинки өндүрүш башталган.

Учурда аталган кылмышка тиешеси бар башка жарандарды аныктоо боюнча ыкчам тергөө иш-чаралары жүрүүдө.

Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком