03:33, 18 жетинин айы 2019
Доска Авто Недвижимость Компании Кто есть кто Мнения читателей Ойно Работа Справочник АКИ-TV Баракелде Булбул

Нурсултан Назарбаев «Нур Отан» партиясынын жыйынында жашыды (видео)

На русском
15:23, 23 чын куран 2019 232

Баракелде -  Бүгүн, 23-апрелде Казакстанда «Нур Отан» партиясынын съездинин жыйынтыгында «Менин элим» аталышындагы ыр Бекболат Тилеухан жана башка катышуучулардын аткаруусунда жаңырды. Аталган ырды уккан Казакстандын экс-президенти Нурсултан Назарбаев жашып кетти. Бул тууралуу Newtimes.kz басылмасы билдирди.

Бул съезд кол кармашуу менен аяктап, Нурсултан Абишевичти партиялаштары жылмаюу менен курчап турушту.

Буга чейин Нурсултан Назарбаев президенттик кызматка талапкер сунуштаган. Ал бул кызматка «Нур Отан» партиясынын кезексиз съездинде Касым-Жомарт Токаевдин талапкерлиги тууралуу айткан.

«Нур Отан» партиясы — Казакстандагы 900 миңден ашык мүчөсү бар эң ири партия болуп эсептелет. 2016-жылдагы парламенттик шайлоодо бул партия шайлоочулардын 82,2% добушун топтоп, Мажилистин төмөнкү палатасындагы 107 орундун ичинен 84 орунга ээ болгон.

Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком