03:54, 18 кулжа 2019
Доска Авто Недвижимость Компании Кто есть кто Мнения читателей Ойно Работа Справочник АКИ-TV Баракелде Булбул

Баңгизаттарды жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматы 3 айда 790 кг баңгизат тапты

На русском
13:33, 23 чын куран 2019 100

Баракелде -  ИИМдин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын кызматкерлери тарабынан үч айдын ичинде мыйзамсыз жүгүртүүдөн 790 килограммдан ашуун баңгизат менен прекурсор алынды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Алардын ичинде 8 грамм героин, 54 килограммдан ашуун гашиш, 235 килограммдан жогору марихуана, 650 грамм спайс жана 457 килограмм уулуу заттар алынган.

ИИМдин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү боюнча кызматы эл аралык уюмдар (ЖККУ, ШКУ, БААМКБ, БУУ БКБ, ЕККУ ж.б.) жана чет өлкөнүн компетенттүү органдары — Россиянын, Казакстандын, Өзбекстандын ички иштер министрлиги, АКШнын Баңгизаттарды көзөмөлдөө башкармалыгы, Тажикстандын Баңгизаттарды көзөмөлдөө агенттиги, Кытайдын Коомдук коопсуздук министрлиги жана башкалар менен өз ара аракеттенүүнүн алкагында ар дайым кызматташууларын ишке ашырууда.

Андан сырткары, үч ай ичинде Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын кызматкерлери тарабынан Кылмыштар жана жоруктардын бирдиктүү реестрине 365 факты катталып миңдеген кылмыштуу топтордун жана бирикмелердин ишмердүүлүгүнө бөгөт коюлуп, эл аралык атайын операциялар жүргүзүлгөн.

Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком