11:09, 16 аяк оона 2019
Доска Авто Недвижимость Компании Кто есть кто Мнения читателей Ойно Работа Справочник АКИ-TV Баракелде Булбул

3 млн сом: Бишкекте студенттер спайс менен кармалды

На русском
11:12, 23 чын куран 2019 456

Баракелде -  УКМКнын кызматкерлери Борбор Азия өлкөлөрүндө баңгизаттарын жеткирүү менен алектенип жүргөн кылмыштуу топтун ишин ачыкка чыгарды. Комитеттин басма сөз кызматы билдиргендей, ыкчам тактоо иштеринин алкагында бул топтун ишин Кыргызстандын аймагында жайылтууга көмөк көрсөтүп турган 2 студент колго түшкөн.

Шектүүлөр — ИИМ Академиясынын 2-курсунун курсанты А.Д. (2000-жылы туулган) жана Ж.Баласагын атындагы КУУнун 2-курсунун студенти Н.Н. (1999-жылы туулган). А.Д. текшерилген учурда 1 кг 75 гр салмактагы спайс заты табылган. Бул затты кичине көлөмдөн жаштар арасында сатышмак. Анын «кара базардагы» баасы болжол менен 3 млн сомго жетет.

Бул факты Жазык кодексинин 267-беренесиндеги 3-бөлүмдүн негизинде Кылмыштар жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, тергөө иштери улантылып жатат.

Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком