11:04, 16 аяк оона 2019
Доска Авто Недвижимость Компании Кто есть кто Мнения читателей Ойно Работа Справочник АКИ-TV Баракелде Булбул

Курманбек Бакиев Таласка барууга буйрук берген, - М.Конгантиев

На русском
09:48, 23 чын куран 2019 264

Баракелде -  Кечээ, 22-апрелде Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунда мурунку ички иштер министри Молдомуса Конгантиевдин иши боюнча сот отуруму болуп өттү. Ошондой эле президенттин мурунку мамлекеттик кеңешчиси Элмурза Сатыбалдиев дагы суралды.

Күбөлөрдүн айтуусунан кийин ИИМдин мурунку башчысы 7-апрелде Таласта болгондугун айтып берген.

«6-апрелде түндө, Таласка кетерден мурун мен Жаныш Бакиевге бардык облустардагы орун басарлар кырдаалды көзөмөлдөй тургандыгын жана бул жерде кырдаалды мен жөнгө салуум керек экендигин айттым. Жороев телефонду мага бергенде, президент Таласка барууга буйрук берди. Мен макул дедим. Кырдаалды ким жөнгө салат деген суроого ал Раимбердиевди чакыр деп айтты. Мен Раимбердиев түштүк жактагы кырдаалды жөнгө сала тургандыгын айттым. Аны чакыр дешти. 7-апрель тууралуу андан сураш керек», - деди Конгантиев.

Мыйзамдын талабына оппозициянын курултайы дал келгенби деген суроого күбө мыйзамда мындай институт жок болгондуктан, бул башка суроо экендигин айтты.

Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком