11:01, 16 аяк оона 2019
Доска Авто Недвижимость Компании Кто есть кто Мнения читателей Ойно Работа Справочник АКИ-TV Баракелде Булбул

Эң келишимдүү мырза, ишкер, спортчу… Украинанын жаңы президенти тууралуу кызыктар

На русском
13:01, 22 чын куран 2019 759
Петр Порошенко менен Владимир Зеленский
Петр Порошенко менен Владимир Зеленский

Баракелде -  Кечээ, 21-апрелде Украинада президенттик шайлоонун экинчи туру өттү. Алдын ала жыйынтык боюнча, Владимир Зеленский шайлоочулардын 73% добушуна ээ болсо, ал эми Порошенко 25% добуш топтогон.

Учурда өлкөнүн Борбордук шайлоо комиссиясы так эсепти чыгаруу үчүн добуштарды саноо иштерин улантып жатышат. Шайлоого украиналыктардын 62 пайыздан ашыгы катышкан. Шайлоонун 31-марттагы биринчи турунда дагы ушундай көрсөткүч болчу.

1-турдагы добуш берүүнүн жыйынтыгы менен шоумен Владимир Зеленский (30, 24%) алдыга чыкса, андан кийинки орундарды Петр Порошенко (15, 95%), Юлия Тимошенко жана Юрий Бойко ээлеген.

Владимир Зеленскийдин балалыгы жана үй-бүлөсү

Коомдук жана саясий ишмер, шоумен, юморист, актер, режиссёр, продюсер, сценарист Владимир Зеленский 1978-жылы 25-январда Кривой Рог шаарында төрөлгөн. Атасы Александр Семёнович Зеленский — математик, программист, техника илимдеринин доктору, профессор. Ал 20 жыл Моңголияда жашап-иштеп, Эрдэнэт шаарында комбинат курган. Ал эми апасы Римма Владимировна Зеленская учурда пенсионер, 40 жыл инженер болуп иштеген.

uzn_15481626075

Владимир Зеленский 4 жыл ата-энеси менен Моңголияда жашап, 1-классты Эрдэнэт шаарында окуп бүтүргөн. Андан кийин алар Кривой Рогго кайтып келип, окууну англис тилин тереңдетип окуу менен уланткан. Бала кезинде маркаларды топтоп, пианинодо кол ойнотуп, бийлеп, баскетбол жана волейбол ойногон. Ошондой эле мектептеги иш-чараларга катышып, мектептин ансамблинде гитарист болгон.

Келечектеги президент окуучу кезинде дипломат болууну кыялданган, бирок экономикалык университетке барган. Юридикалык билимге ээ болгон В.Зеленский адистиги боюнча иштеген эмес.

Жаңы президенттин жубайы Елена Владимировна Зеленская — «Студии квартал 95» студиясында сценарист, автор. Елена менен Владимир бир мектепте окуган. Бирок экөө Зеленский 1-курса окуп жүргөндө таанышып, 2003-жыл баш кошушкан.

Жубайлардын кызы Александра 2004-жылы туулган. Ал 2014-жылы «8 жаңы жолугушуу» («8 новых свиданий») тасмасында башкы каармандын кызынын ролун жараткан. 2016-жылы шоуга катышып, 50 миң гривен утуп алган. Ал эми жубайлардын уулу Кирилл учурда 6 жашта.

Байлыгы жана мүлкү

2017-жылдагы декларация боюнча, Зеленскийге 353,5 чарчы метр турак үй, 1,2 миң чарчы метр жер тилкеси, бир нече батир жана 2 унаа токтотуучу жай тиешелүү. Ошондой эле декларацияда «Land Rover Range Rover» үлгүсүндөгү унаа, «Breguet», «Tag Heuer», «Rolex» жана «Bovet» үлгүсүндөгү кол сааттар көрсөтүлгөн. Мындан тышкары ал «Киноквартал», «Студия Квартал-95» студиясына жана башка компаниялардын үлүшүнө ээлик кылат. Ресторан бизнеси менен алектенген «Фиш Хаус» ЖЧКнын 15 пайызы Зеленскийге таандык.

Жаңы президент тууралуу кызыктуу фактылар:

- бою 166 сантиметр;

- 2008-жылы «Viva!» журналы Владимир Зеленскийди Украинадагы эң келишимдүү мырза деп тапкан;

- саясатта тажрыйбага ээ эмес;

- окуучу кезинде грек-рим күрөшү, оор атлетика менен машыккан;

- учурда болгону 41 жашта.

(Зеленский менен Порошенко дебат учурунда элден чөгөлөп кечирим сурашкан)

Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком