23:33, 12 жетинин айы 2019
Доска Авто Недвижимость Компании Кто есть кто Мнения читателей Ойно Работа Справочник АКИ-TV Баракелде Булбул

Сүрөт — Жогорку Кеңештин делегациясы КМШ Парламенттер аралык ассамблея кеңешинин жыйынына катышты

На русском
09:57, 22 чын куран 2019 186

Баракелде -  Жогорку Кеңештин төрагасы Дастанбек Жумабеков Москванын Санкт-Петербург шаарында уюштурулган Көз карандысыз мамлекеттер шериктештигине мүчө өлкөлөрдүн Парламенттер аралык ассамблея кеңешинин 49-пленардык жыйынына катышты. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы билдирди.

Жыйында Ассамблеянын уюштуруу иштери, 2018-жылдагы ишмердүүлүгүнүн жыйынтыгы талкууга алынып, КМШ Парламенттер аралык ассамблея кеңешинин төрагасы, башкы катчысы жана туруктуу комиссияларынын башчылары шайланды.

Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы билдиргендей, КМШ Парламенттер аралык ассамблея кеңешинин төрайымы болуп кайрадан Россиянын федералдык жыйынынын федерация кеӊешинин төрайымы Валентина Матвиенко шайланса, ал эми Дмитрий Кобицкий башкы катчы катары тандалды.

Отурумда Ассамблеянын 49-пленардык жыйынынын күн тартиби, КМШ өлкөлөрүндөгү шайлоолорго байкоо жүргүзүүнү уюштуруу, анын ичинен Армениянын улуттук жыйынына кезексиз шайлоолордун, Молдованын парламентине шайлоолордун жүрүшүнө парламенттик ассамблеянын атынан эл аралык байкоочуларды катыштыруу тууралуу сөз болду. Ошондой эле Улуу Жеңиштин 75 жылдыгына карата даярдык көрүү менен Чыңгыз Айтматов атындагы сыйлыкты тапшыруу маселелери талкууланды.

Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком