20:51, 25 кулжа 2019
Доска Авто Недвижимость Компании Кто есть кто Мнения читателей Ойно Работа Справочник АКИ-TV Баракелде Булбул

Куудулдуктан президентке чейин: Украиналыктар жаңы президентин шайлашты

На русском
08:01, 22 чын куран 2019 257

Баракелде -  Украинанын мурунку президенти Пётр Порошенко шайлоодогу атаандашын жеңиши менен куттуктады. Алдын ала жыйынтыктар боюнча, 21-апрелдеги өткөн 2-турдун жыйынтыгында Владимир Зеленский шайлоочулардын 73% добушуна ээ болду. Ал эми Порошенко 25% добуш топтогон.

Учурда өлкөнүн Борбордук шайлоо комиссиясы так эсепти чыгаруу үчүн добуштарды саноо иштерин улантып жатышат. Шайлоого украиналыктардын 62 пайыздан ашыгы катышкан. Шайлоонун 31-марттагы биринчи турунда дагы ушундай көрсөткүч болчу.

1-турдагы добуш берүүнүн жыйынтыгы менен шоумен Владимир Зеленский (30, 24%) алдыга чыкса, андан кийинки орундарды Петр Порошенко (15, 95%), Юлия Тимошенко жана Юрий Бойко ээлеген.

Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком