03:55, 18 кулжа 2019
Доска Авто Недвижимость Компании Кто есть кто Мнения читателей Ойно Работа Справочник АКИ-TV Баракелде Булбул

Атаандашын 8 секундда уткан дзюдочу Шахида Нармухамедова — Азия Кубогунун жеңүүчүсү

На русском
09:39, 21 чын куран 2019 182
Шахида Нармухамедова
Шахида Нармухамедова

Баракелде -  Кыргызстандык Шахида Нармухамедова Казакстандагы дзюдо боюнча Азия Кубогунун этабында кадеттер арасында жеңүүчү болду. Турнир учурда Алмата шаарында өтүп жатат.

Нармухамедова 70 килограммдан жогорку салмактагы спортчулар арасында күч сынашып, 1/4 финалда казакстандык Минар Илежанованы 8 секундда жеңип алды. Ал эми жарым финалда жана чечүүчү беттеште казакстандык спортчуларды утту. Жыйынтыгында кыргызстандык дзюдочу 1-орунду алып, алтын медаль тагынды.

Ошондой эле турнирде Ханболот Ырысбеков финалга чейин жетип, күмүш медаль багындырды. 90 килограммга чейинки салмактагы спортчулар арасында беттешкен Анарбек Ишенбаев коло медалдын ээси болду.

Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком