03:58, 18 кулжа 2019
Доска Авто Недвижимость Компании Кто есть кто Мнения читателей Ойно Работа Справочник АКИ-TV Баракелде Булбул

Бишкектик тургундан 50 миң доллар алдап алган аял кармалды

На русском
18:32, 20 чын куран 2019 3764

Баракелде -  Бишкек шаарында алдамчылыкка шектелген аял кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 20-апрелде ШИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Октябрь РИИБге 26-январда 1988-жылы туулган Т.Ж. арыз менен кайрылып, ишенимине кирип, 50 миң долларын алдап алган Асел аттуу аялга чара көрүүнү өтүнгөн. Шектүү акчаны алгандан кийин берген убадасын аткарбай, качып кеткен.

Бул факт Жазык кодексиндеги 204-берененин (алдамчылык) 3-бөлүмү боюнча Кылмыштар жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган. Криминалдык милиция кызматынын ыкчам издөө иш-чараларынын жүрүшүндө аталган кылмышка шектелип 1975-жылы туулган Асел Т. кармалып, РИИБге жеткирилди.

Шектүүдөн жабыркагандар 0708 697611 телефон номуру аркылуу кайрылса болот.

Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком