16:22, 26 баш оона 2019
Доска Авто Недвижимость Компании Кто есть кто Мнения читателей Ойно Работа Справочник АКИ-TV Баракелде Булбул

Айып пул: Жол тескөөчүлөрдөн мобилдик терминалдар эмне үчүн алынды?

На русском
15:59, 20 чын куран 2019 150

Баракелде -  Социалдык тармакка унаа жолдордо кызмат өтөгөн жол инспекторлору POS-терминалдарды колдонбой калганы тууралуу маалымат тарады. Бул маалыматты АКИpress агенттигине ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздун камсыздоо башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы тастыктады.

Учурда чындыгында жол эрежесин бузгандар айып пулду жеринде төлөй албай жатышат. Буга мобилдик терминалдар иштетүү тутумун жаңыртууга жөнөтүлгөнү себеп болгон.

«Банктардан жаңы кодекстерге ылайык мобилдик терминалдарды иштетүү тутумун жаңыртууга алып кетишкени тууралуу кат түштү. Буга чейин жаңыртуу иштери Административдик кодекс боюнча айып пулга жараша программалаштырылган. Ал эми учурда Бузуулар жөнөндө кодекс бар, ал жерде беренелер жана айып пулдардын өлчөмү башка», - деп айтылат маалыматта.

Жаңы кодекс боюнча, айдоочулук күбөлүк алынбайт. Бирок айдоочулардын көбү муну пайдаланып, жеринде айып пул төлөбөй жатышат. Тиешелүү иштер жүргүзүлгөндөн кийин POS-терминалдар кайтарылып, каалоочулар айыпты жеринде төлөй алышат.

Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком