10:47, 12 жетинин айы 2019
Доска Авто Недвижимость Компании Кто есть кто Мнения читателей Ойно Работа Справочник АКИ-TV Баракелде Булбул

Бишкектеги веложүрүштө Түркияга эки жолдомо ойнотулат

На русском
08:00, 19 чын куран 2019 215
Иллюстрациялык сүрөт
Иллюстрациялык сүрөт

Баракелде -  Бишкек шаарында массалык веложүрүш уюштурулуп, Түркиянын Стамбул шаарына эки жолдомо ойнотулат. Иш-чара Уркуя Салиеванын айкелинин жанында 21-апрелде саат 09:00дө башталат.

Мэриянын басма сөз кызматынын маалыматы боюнча, веложүрүш алкоголго, тамекиге каршы багытталып, ошондой эле аутизм тууралуу маалымат жайылтууну колдоо максатын көздөйт.

Жүрүштүн маршруту: Уркуя Салиеванын айкели—Манас проспектиси—Горький көчөсү—Абдрахманов көчөсү—Д.Асанов атындагы сейил бак.

Спорттук иш-чаранын катышуучуларын жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн кызматкерлери жана тез жардам бригадасы коштойт. Ошондой эле аутизм менен ооруган балдардын ата-энелеринин бирикмеси көргөзмө жана көңүл ачуучу программа уюштурат.

Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком