16:22, 26 баш оона 2019
Доска Авто Недвижимость Компании Кто есть кто Мнения читателей Ойно Работа Справочник АКИ-TV Баракелде Булбул

Украиналык чалгынчынын унаасындагы жарылуу: Кармалгандар Кыргызстандын паспортун колдонушкан

На русском
15:54, 18 чын куран 2019 178

Баракелде -  Украиналык чалгынчынын унаасын жардырууга шектелип кармалгандар Кыргызстандын паспортун колдонушкан. Бул тууралуу Украинанын коопсуздук кызматынын жетекчиси Василий Грицак билдиргендигин «Украинская правда» басылмасы маалымдады.

Анын айтымы боюнча, украиналык чалгынчынын унаасына жардыруучу зат орноткон россиялык жаран — Алексей Комаричев тирүү жана учурда кармалган. Ошол эле диверсиялык топ 2017-жылдын 27-июнунда Киев шаарында унаасы жарылып каза болгон Башкы чалгындоо башкармалыгындагы атайын күчтөрдүн жетекчиси Максим Шаполовдун өлүмүнө тиешеси бар болгон.


«Украиналык чалгынчынын унаасына жардыргыч зат орноткон Россиянын 1978-жылы туулган жараны Комаричев Алексей Анатольевич диверсиялык террордук топтун жетекчиси болгон», - деди ал.

14e1579-komarichev-o

Грицактын айтымында, Алексей менен чогуу Россиянын 1988-жылы туулган жараны Дзортов Тимур Мовлайович иштешкен. Ал аскердик топтун мүчөсү болуп, Ингушетияда жашап келген.

477388b-dzortov-t

Комаричев менен Дзортов Россиянын жарандары. Алар Украинадагы террордук ишин жашыруу максатында Кыргызстандын жасалма паспортторун колдонушкан. Алардын номуру мурун Кыргызстандын жарандарына берилген документтердин номуруна туура келет», - деди Грицак.

---------------------------------------------------------

4-апрелде Украинанын Киев шаарында унаа жарылып, Кыргызстандын жараны көз жумгандыгын «ТСН» порталы полицияга шилтеме берүү менен жазып чыккан.

Жардыруу болгон жерге ыкчам тергөө тобу, кинологдор жана дарыгерлер чакырылган. Полиция кызматкерлери ал жерден «Шевроле Эванда» үлгүсүндөгү унааны таап, Украинанын Кылмыш-жаза кодексиндеги 115-берене (адам өлтүрүүгө аракет жасоо) жана 263-берененин (куралдарды, ок-дарыларды жана жарылуучу заттарды сактоо боюнча милдетти талаптагыдай аткарбоо) негизинде кылмыш иш козгогон.

«Тергөө иштеринин жүрүшүндө аталган унаага белгисиз адам жардыруучу зат орнотууга аракет жасаганы аныкталды. Бирок ал белгиленген убакыттан эрте жарылып, аталган адам оор жаракат алган. Журналист Юрий Бутусовдун айтымында, унаа украиналык офицерге таандык болгон. Полиция тергөөдөгү сырды жүйө келтирип, бул фактыны тастыктаган жок», - деп жазган «ТСН».

Өз кезегинде депутат Игорь Мосийчук каза болгон адам Кыргызстандын жараны экенин билдирген. Анын айтымында, жардыруучу зат аны унаага орнотуп жатканда иштеп, анын кесепетинен каза болгон кишинин колу үзүлүп кеткен.

Аталган агенттик Украинанын Башкы прокуратурасына шилтеме берүү менен: «Кийинчерээк украиналык чалгынчынын унаасын жардырууга аракет кылган адам ооруканада көз жумганы белгилүү болду. Ал ар кандай деңгээлдеги жаракаттарды алып, өзүнө келбей каза болду», - деп жазылган.

Кийинчерээк Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги Киевде унаа жардырууга аракет кылган адам Кыргызстандын жараны эместигин маалымдаган.

Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком