18:52, 21 баш оона 2019
Доска Авто Недвижимость Компании Кто есть кто Мнения читателей Ойно Работа Справочник АКИ-TV Баракелде Булбул

Видео — Кримтөбөл «Лимонтинин» абактагы бөлмөсү

На русском
12:44, 18 чын куран 2019 2406

Баракелде -  Уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү, «Лимонти» каймана аты менен таанымал Алмаз Сулайманов эң сонун камерада жазасын өтөп жатат делген видеоматериал социалдык түйүндөрдө тарады.

Бул маалымат чындыкка дал келбей тургандыгын Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын басма сөз кызматы билдирди.

«Чындыгында бул эң сонун делип жаткан камерада №1 абакта жаза өтөп жаткандар туугандары менен жолугушат. Учурда Алмаз Сулайманов №16 абакта кармалып турат», - деп айтылат маалыматта.

Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматы учурда Сулайманов отурган бөлмөнү көрсөттү.

Социалдык түйүндөргө тараган видео:

Буга чейин социалдык түйүндөрдө Ички иштер министрлигинин каттоосунда уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары турган Алмазбек Сулайманов катуу сабалганы тууралуу видеотасма тараган. Окуя Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын №16 мекемесинде болгону айтылган.

Ал эми ЖАМКтын басма сөз кызматы бул маалымат чындыкка дал келбей турганын билдирген. Расмий органдын маалыматы боюнча, А.Сулаймановду эч ким сабаган эмес.

Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком