16:28, 26 баш оона 2019
Доска Авто Недвижимость Компании Кто есть кто Мнения читателей Ойно Работа Справочник АКИ-TV Баракелде Булбул

Бишкекте үч айда уюшкан кылмыштуу топтордун 12 мүчөсү кармалды

На русском
10:02, 18 чын куран 2019 224
«Дөө Чыңгыз» каймана аттуу Чыңгыз Жумагулов, кылмыштуу топтун мүчөсү
«Дөө Чыңгыз» каймана аттуу Чыңгыз Жумагулов, кылмыштуу топтун мүчөсү

Баракелде -  Бишкек ШИИБде 16-апрель күнү үстүбүздөгү жылдын биринчи кварталындагы кызматтык ишмердүүлүк боюнча ыкчам кеңешме өттү. Жыйынга шаардык милициянын жетекчилиги, кызматтардын жана борбордогу 4 райондун ички иштер башкармалыктарынын башчылары катышты.

ШИИБдин басма сөз кызматынын маалыматы боюнча, шаардык милициянын ишмердүүлүгү дайыма өзгөчө көзөмөлдө болуп, жүргүзүлгөн системалык талдоо жарандардын жана коноктордун коопсуздугун камсыздоого багытталган тергөө жана алдын алуу иш-чараларын көрсөтөт. Өзгөчө жаш балдарга көңүл бөлүнүп, акыркы 3 айда ар кандай себептер менен шаардын көчөлөрүндө калган жашы жете элек балдарды аныктоо боюнча иш-чаралар өткөрүлдү.

«Ошондой эле орто мектептерде жана гимназияларда жол эрежелерин сактоо, сергек жашоого, маданият жана спортко үндөө, спирт ичимдиктеринен, тамекиден, баңгизаттан, суицидден алыс болуу боюнча 4 миң 418 тренинг жана лекция уюштурулду. Алдын алуу иштеринин жүрүшүндө көчөдө жана ар кандай жерлерде жүргөн 168 өспүрүм аныкталды», - деп айтылат маалыматта.

Жыйында ШИИБ кылмыштуу топторду аныктоо боюнча активдүү ыкчам издөө иш-чараларды өткөрүп жатканы белгиленди. Үч айдын ичинде Бишкек шаарынын аймагында Криминалдык милиция кызматы тарабынан уюшкан кылмыштуу топтун 12 мүчөсү кармалды. Ал эми баңгизатты мыйзамсыз айландыруу боюнча 56 факты аныкталды. 102 кызматына 3 айда жарандардан 27 миң 693 телефон чалуу жана билдирүү түшкөн.

«ШИИБдин башчысы Канат Жумагазиев ыкчам байланыш борборун түзүү, шаарды 3 миң 360 камера менен жабдуу, балдарга жана аялдарга болгон зомбулукту алдын алуу иштерин жүргүзүүнү тапшырды. Ошондой эле "102KG" мобилдик тиркемесин жана ШИИБдин сайтын жаңылоого тапшырма берилди», - деп айтылат маалыматта.

Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком