16:26, 26 баш оона 2019
Доска Авто Недвижимость Компании Кто есть кто Мнения читателей Ойно Работа Справочник АКИ-TV Баракелде Булбул

Мамкаттоодогу 3 чиновник 2 айга камалды

На русском
08:50, 18 чын куран 2019 350

Баракелде -  Мамлекеттик каттоо кызматынын жана «Инфоком» ишканасындагы 3 кызматкердин баш коргоо чарасын Биринчи май райондук соту 17-апрелде кечинде карады. Бул иш биометрикалык паспортторду сатып алууга байланыштуу.

Судья Адылбек Субанкулов аларды УКМКнын абагына (СИЗО) 2019-жылдын 15-июнуна чейин камоо чечимин чыгарды. Учурда 3 кызматкер тең УКМКнын абагында.

Кечээ соттун имаратынын алдына 100дөй адам чогулган болчу.

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин кызматкерлери тарабынан өкмөткө караштуу «Инфоком» мамлекеттик ишканасынын жетекчиси Талант Абдуллаев, Мамлекеттик каттоо кызматынын төрайымынын орун басары Русланбек Сарыбаев, статс-катчысы Данияр Бакчиев кармалганы маалым болуп, УКМКнын басма сөз кызматы буга чейин козголгон кылмыш иштин алкагында тергөө иш-чаралары жүргүзүлүп жатканын билдирген.

Расмий маалымат боюнча, 2018-жылы октябрь айында Мамлекеттик каттоо кызматы Кыргыз Республикасынын жаңы муундагы жарандары үчүн биометрикалык паспортко бланк сатып алууга 1,2 млрд сомго тендер жарыялап, ага чет өлкөлүк 5 компания катышкан. Алардын бири 686 млн 772 миң 250 сом сунуштаган. Бирок комиссиянын чечими менен 940 млн 150 миң сом сунуштаган компания тендердин жеңүүчүсү деп табылган. Анын кесепетинен сынактын катышуучулары сунуштаган сумманын ортосундагы айырма 253 млн 377 миң 750 сомду түзгөн. Тактап айтканда, бир паспорттун баасы 420 сомду түзүп, тендерден уткан компания сунуштаган баадан (585 сом) 165 сомго арзан болмок.

«Тендердик комиссиянын негизсиз чечими менен бланк продукциясын жасоо тажрыйбасына ээ болгон дүйнөгө белгилүү компаниялар сынактан четтетилген. Бул факты боюнча материалдарды Башкы прокуратура Жазык кодексиндеги 319-берененин (коррупция) Кылмыштар жана жоруктардын бирдиктүү реестрине каттаган», - деп айтылат маалыматта.

Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком