04:00, 18 кулжа 2019
Доска Авто Недвижимость Компании Кто есть кто Мнения читателей Ойно Работа Справочник АКИ-TV Баракелде Булбул

Россияда көз жумган кыргызстандык 21 жаштагы жигиттин денеси жөнөтүлө элек

На русском
08:22, 18 чын куран 2019 208

Баракелде -  Россиянын Санкт-Петербург шаарында көз жумган Кыргызстандын 1998-жылы туулган О.А.М. аттуу жаранынын өлүмүнө байланыштуу тактоо иштери улантылып жатат. Кыргызстандын элчилигинин өкүлдөрү маркумдун туугандары менен байланышкан.

Тааныштарынын айтымында, кыргызстандык жигит курьер болуп эмгектенип жүргөн. Учурда диаспоранын активисттери денени айылына жөнөтүү иштерине көмөк көрсөтүп жатышат. Укук коргоо органдарынын Санкт-Петербург боюнча өкүлчүлүгүнө да маалымат алуу үчүн кайрылышкан.

Учурда дене шаардык өлүк сактоочу жайда сакталып турат. Денени тиешелүү органдардын уруксаты берилгенден кийин жөнөтүшөт.

Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком