23:33, 12 жетинин айы 2019
Доска Авто Недвижимость Компании Кто есть кто Мнения читателей Ойно Работа Справочник АКИ-TV Баракелде Булбул

Асара абакка 1 кг ашык баңгизат алып кирүүгө аракет кылган

На русском
08:13, 18 чын куран 2019 381
Иллюстрациялык сүрөт
Иллюстрациялык сүрөт

Баракелде -  Жайыл райондук соту Асарага (ысымы өзгөртүлдү) карата козголгон кылмыш ишти карап чыгып, чечим кабыл алды. Бул тууралуу соттун токтомунда айтылат.

Айыпталуучу 2018-жылдын 18-сентябрында Жайыл районуна барып, жалпы салмагы 1 кг 282,656 гр болгон марихуана алган. Эрландан (ысымы өзгөртүлдү) алган бул затты Беловодск айылындагы №16 түзөтүү абагына алып барып, жаза өтөп жаткан Николай аттуу адамга бермек. Мурда Асара менен Николай бирге жашап жүрүшкөн.

Тергөө иштеринин жыйынтыгы менен сот айыпталуучуну күнөөлүү деп таап, 10 жылга эркиндигинен ажыратты.

Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком