18:35, 22 тогуздун айы 2019
Доска Авто Недвижимость Компании Кто есть кто Мнения читателей Ойно Работа Справочник АКИ-TV Баракелде Булбул

Издөөдө жүргөн кыргызстандык жаран Москвадан кармалды

На русском
17:04, 17 чын куран 2019 251

Баракелде -  Россиянын Москва шаарында алдамчылыкка шектелип, мамлекеттер аралык издөөдө жүргөн кыргызстандык жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 17-апрелде ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

ИИМдин Россиядагы өкүлчүлүгү менен аймактык бөлүмү биргеликте өз өлкөсүндө жасаган кылмыш үчүн мамлекеттер аралык издөөдө жүргөн кыргызстандык жарандын өздүгүн такташып, колго түшүргөн.

Алдамчылыкка шектүү — Баткен облусунун 1987-жылы туулган А.Б. аттуу тургуну Кылмыш-жаза кодексинин (эски кодекс) 166-беренеси (алдамчылык) боюнча айыпталып, тергөө органдарынан жашырынып жүргөн. Ошондой эле ага Бишкек шаарындагы Свердлов РИИБи тарабынан издөө жарыяланган.

Алдын ала маалыматтар боюнча, А.Б. аттуу жаран бир нече жыл мурда аял кишинин ишенимине кирип, ири суммада АКШ долларын алып, андан соң изин жашырып кеткен. Алдамчылыктын курмандыгы болгон жабырлануучу укук коргоо органдарына кайрылган.

Кармалган жаран убактылуу кармоочу жайына киргизилип, издөө алган тарапка маалымдама жөнөтүлгөн.

«Алдамчылык иш-аракеттери үчүн издөөгө алынган жогорудагы жаранды өз өлкөсүнө экстрадициялоо маселеси ийгиликтүү чечилди. Учурда кармалган жаран Бишкек шаарына алынып келип, убактылуу кармоочу жайга камалды», - деп айтылат басма сөз кызматынын маалыматында.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком