18:36, 14 жетинин айы 2019
Доска Авто Недвижимость Компании Кто есть кто Мнения читателей Ойно Работа Справочник АКИ-TV Баракелде Булбул

«Эмне эле мага эметип жатасыз!»: Төрага менен депутаттын кайым айтышы

На русском
15:37, 17 чын куран 2019 2771

Баракелде -  Жогорку Кеңеш Башкы прокуратуранын 2018-жылы аткарган отчетун угууну улантып жатат. Башкы прокурор Өткүрбек Жамшитов депутаттардын суроолоруна жооп берүүдө.

Суроо-жооптун жүрүшүндө депутат Исхак Масалиев менен Жогорку Кеңештин төрагасы Дастанбек Жумабековдун ортосунда регламентке байланыштуу кайым айтышуу болду.

Исхак Масалиев: - Урматтуу төрага, регламенттин 79-беренеси боюнча бизге 5 мүнөткө чейин сөз берилет деп жазылып калган. Кайсы бир жылы токтом кабыл алып, аны 3 мүнөткө чейин чектеп койгон туура эмес.

Башкы прокурорго суроо узаткандан кийин сөзүн улап: - Төрага акылдашып көрөлү, 5 мүнөткө чейин болсо, 5 мүнөткө чейин берели. Ортого чыгып алып, регламентти бузуп сүйлөбөйлү дегеним…

Дастанбек Жумабеков: - Иса Апсаматович, биз регламент менен кетип жатабыз. Суроолорго 2 мүнөттөн, талкууга 3 мүнөттөн деп чечилген. Токтом менен кабыл алганбыз, мен ошону менен кетип жатам. Сиз сунуш киргизиңиз, карап көрөбүз, эч "запрет" жок.

Исхак Масалиев: - Урматтуу депутаттар, анда мен ооз эки сунуш берип жатам. Регламенттин 79-беренесине ылайык, пренияга (кандайдыр бир маселени талкуулоо) 5 мүнөткө чейин... Ар бир суроо берген киши же сүйлөй турган киши кааласа 5 мүнөткө чейин сүйлөйт, кааласа 1 мүнөт сүйлөйт. 5 мүнөткө чейин. Аны чектөө туура эмес. Ошол токтомду жокко чыгарыш керек, туура эмес алынган токтом болчу да. Бир маселе боюнча кабыл алынган токтом болчу.

Дастанбек Жумабеков: - Алып кириңиз, карайбыз.

Исхак Масалиев: - Алып кириңиз эмес, мен сизге айтып жатам төрага.

Дастанбек Жумабеков: - Эмнени айтып жатасыз мага, мен сизге жооп берип жатам. Эмне эле мага эметип жатасыз, мен чечип жаткансып.

Исхак Масалиев: - Сиз чечесиз, сиз чечишиңиз керек да.

Дастанбек Жумабеков: - Жалпы палата менен чечилет ал.

Исхак Масалиев: - Добуш менен чечилбейт да ал, закондо жазылып турат да.

Дастанбек Жумабеков: - Менин колумда эмес ал.

Исхак Масалиев: - Түшүнбөсөңүз анда... (микрофондон кетти).

Дастанбек Жумабеков: - Мен байлап койгонсуп эле мага асыласыз да.

Андан кийин кезек 6-микрофонго — Сайдулла Нышановго берилди.

Сайдулла Нышанов: - Урматтуу Дастан Артисбекович, ачууңузду келтирбеңиз, сиз төрагасыз, баарына чыдашыңыз керек. Төрага негизи атадай эле болот, бардык маселени чечиши керек.

Мен мындай сунуш киргизет элем: сүйлөй турган фракция лидерлерине 10 мүнөткө чейин убакыт берсек. Ушуну добушка коём десеңиз добушка коюңуз, жөн бере берем десеңиз берип койсоңуз деп суранат элек. Рахмат.

Бул сунуш добушка коюлду. Жыйынтыгын төрага Д.Жумабеков: «Макул — 60, каршы — жок, баары — 60, катталды — 110. Сунуш өттү», - деп айтты.

Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком