20:57, 7 бештин айы 2019
Доска Авто Недвижимость Компании Кто есть кто Мнения читателей Ойно Работа Справочник АКИ-TV Баракелде Булбул

УКМК 81 килограмм баңгизатты жок кылды (сүрөт)

На русском
15:29, 17 чын куран 2019 280
// ГКНБ

Баракелде -  Бүгүн, 17-апрелде Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети тарабынан мыйзамда белгиленген тартиптерге ылайык 81 кг салмактагы баңгизат жок кылынды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалымат боюнча, бул баңгизат 14 кылмыш иштин алкагында далил катары алынган.

«Баңгизатты жок кылуу үчүн УКМКнын, ИИМдин, Бишкек шаарынын мэриясынын, Саламаттыкты сактоо министрлигинин жана Өкмөткө караштуу курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарба мамлекеттик агенттигинин өкүлдөрүнүн курамынан турган комиссия түзүлгөн», - деп айтылат маалыматта.

УКМК органы тарабынан алынган 48 кг героин жана 33 кг гашиш «Бишкек жылуулук энерго» коммуналдык ишканасынын от казанына жагылды. Ал эми 2014-жылдан бери УКМК тарабынан 1,5 тоннадан ашуун баңгизат (анын ичинен 696 кг 506 героин, 490 кг 652 гр гашиш, 280 кг 260 гр марихуана, 27 кг 581 гр афган чарсы, 27 кг 400 гр опий ) жана 1085 психотроптук заттар мыйзамсыз жүгүртүүдөн алынган.

Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком