16:06, 13 бештин айы 2019
Доска Авто Недвижимость Компании Кто есть кто Мнения читателей Ойно Работа Справочник АКИ-TV Баракелде Булбул
15:21, 13 бештин айы 201914 14-декабрга карата аба ырайы

50 жаштагы адамдын байпагынан баңгизат табылган

На русском
17:11, 16 чын куран 2019 240
Иллюстрациялык сүрөт
Иллюстрациялык сүрөт

Баракелде -  Чүйдүн Жайыл районунун соту 50 жаштагы Станиславга (К.С.В., аты өзгөртүлдү) карата козголгон кылмыш иши боюнча чечим чыгарды. Бул тууралуу соттун токтомунда айтылат.

Станислав 2018-жылдын сентябрь айынын башында Калинин айылында өзү колдонуу үчүн марихуана баңгизатын даярдаган. 15-ноябрда Жайыл РИИБдин баңгизатка каршы күрөшүү кызматынын кызматкерлери Сосновка айылында ыкчам изилдөө иш-чараларды жүргүзүүдө айыпталуучу Станиславдын байпагынан 32,78 грамм салмактагы баңгизат табылган.

Мындан тышкары ал 28-августтан 7-сентябрга чейинки аралыкта Ново-Николаевка айылындагы үйлөрдүн айнегин талкалап, ичинен 2 сыналгы, эки алтын, үч күмүш шакек, жана күмүш сөйкөлөрдү уурдап кеткен.

Жыйынтыгында Станислав күнөөлүү деп табылып, 4 жылга эркинен ажыратылды.

Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком