19:57, 19 тогуздун айы 2019
Доска Авто Недвижимость Компании Кто есть кто Мнения читателей Ойно Работа Справочник АКИ-TV Баракелде Булбул

Бишкекте жана аймактарда Ө.Бабановго байланыштуу митингдер болбойт

На русском
11:00, 13 чын куран 2019 371
Иллюстрациялык сүрөт
Иллюстрациялык сүрөт

Баракелде -  «Республика» партиясынын лидери Өмүрбек Бабановду тосуп алуу үчүн өлкөнүн аймактарында жана борбор шаарда уюштурула турган тынчтык митинги болбой калды. Бул тууралуу АКИpress агенттигине партиянын расмий өкүлү Канат Мидин уулу билдирди.

Бул Ө.Бабанов Кыргызстанга кайтып келүү тууралуу чечимин өзгөрткөнү менен байланыштуу.

Жогорку Кеңештин мурунку депутаты, Кыргызстандын президенти кызматына талапкер болгон Өмүрбек Бабанов Кыргызстанга учуп келүү тууралуу чечимин өзгөрткөн. Өзү социалдык түйүндөгү баракчасына видео түрүндөгү билдирүүсүн жарыялап, мунун себебин түшүндүрдү.

Анын айтымында, баш аламандык уюштурууну көздөгөн үчүнчү күчтөр бар. Буга байланыштуу азырынча кайтуу тууралуу чечимин өзгөрткөн. Муну менен өзүн колдоо үчүн уюштурула турган митингдерди токтотууга чакырды.

Негизги максаты Кыргызстанга тынч кайтып келүү экенин айткан Ө.Бабанов: «Азыр аэропортто турам. Өзүм үчүн өтө жооптуу чечим кабыл алдым. Түнү менен мени колдогон адамдар, жетекчилерим телефон чалып жатышат. Мени тосуу боюнча тынчтык майрам митингинде "үчүнчү күчтөрдөн чоң провокация даярдалып жатат" деп. Мен үчүн Кыргызстандагы тынчтык, биримдик жөн эле сөз эмес. Ошондуктан 1,5 жыл сыртта жүрдүм. Ошондуктан кыйын да болсо чечим кабыл алдым», - деп кайрылды.

-------------------------------------------

Анын тарапташтары кайтып келишин колдоо максатында Бишкек, Нарын, Талас жана Каракол шаарларында тынчтык митингин өткөрүүнү демилгелеп, даярдык да көрүп башташкан. 12-апрелде Бишкек шаарындагы Биринчи май райондук сотунда мэриянын Эски аянтта «Республика» партиясынын өкүлдөрүнүн тынчтык митингин өткөрүүгө чектөө киргизүү боюнча арызы каралды.

Ал эми мэриянын маалыматы боюнча, Саламаттыкты сактоо министрлиги Ден соолук күнүнө карата 13-апрелде саат 19:00гө чейин иш-чара уюштурууну пландап жатышканын билдирген. Буга байланыштуу Биринчи май райондук мамлекеттик администрациясы партиянын тынчтык митингин Горький көчөсүндөгү гүлбакчада өткөрүүнү суранган. Судья Зарема Бейшеева Бишкек мэриясынын арызын канааттандыруу чечимин кабыл алган.

Ал эми Каракол жана Талас шаарларында тынчтык митингин борбордук аянтта эмес, стадиондо өткөрүүгө, Нарын шаарынын борбордук аянтында уюштурууга уруксат берилген болчу.

Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком