23:34, 12 жетинин айы 2019
Доска Авто Недвижимость Компании Кто есть кто Мнения читателей Ойно Работа Справочник АКИ-TV Баракелде Булбул

13-14-июнда Бишкекте ШКУ саммити өтөт

На русском
13:13, 11 чын куран 2019 196
Уланбек Дыйканбаев
Уланбек Дыйканбаев

Баракелде -  13-14-июнда Бишкек шаарында Шанхай Кызматташтык Уюмунун кезектеги саммити болот. Бул тууралуу бүгүн, 11-апрелде Тышкы иштер министрлигинин басма сөз катчысы Уланбек Дыйканбаев билдирди.

Анын айтымы боюнча, Шанхай Кызматташтык Уюму менен Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун Тышкы иштер министрлер кеңешинин жыйналышы пландалууда.

Ошондой эле 21-22-майда Бишкек шаарында Шанхай Кызматташтык Уюмунун Тышкы иштер министрлер кеңеши өтөт. Дыйканбаевдин айтымында, бул жолугушуу 13-14-июнда Бишкек шаарында боло турчу Шанхай Кызматташтык Уюмунун саммитинин алдындагы акыркы жолугушуу болот.

22-майда Бишкек шаарында Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун Тышкы иштер министрлер кеңеши өтөт.

Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком