18:54, 21 баш оона 2019
Доска Авто Недвижимость Компании Кто есть кто Мнения читателей Ойно Работа Справочник АКИ-TV Баракелде Булбул

Токмокто кызганычтын айынан сабалган адам каза болду

На русском
10:16, 11 чын куран 2019 224

Баракелде -  Токмок шаарында милиция кызматкерлери тарабынан денеге оор залал келтирди деп шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу Чүй ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

9-апрелде болжол менен саат 09:00 чамасында Токмок шаарынын укук коргоо органдарына Токмоктогу батирлердин биринен эркек кишинин жансыз денеси табылгандыгы тууралуу маалымат түшкөн. Аталган факты боюнча окуя болгон жерге ыкчам тергөө тобу барган. Каза болгон адамдын өздүгү такталып, ал — 32 жаштагы жергиликтүү тургун болгон.

8-апрелде кечинде Токмок шаарынын көчөлөрүнүн биринде маркумду ошол эле аймакта жашаган киши сабагандыгы аныкталган. Жаракат алган киши үйүнө барып, аймактык ооруканага баруудан жана укук коргоо органдарына кайрылуудан баш тарткан. Эртеси күнү жабырлануучу алган жаракатынан улам өз батиринде каза болгон.

Аталган факт Жазык кодексинин 138-беренеси (денеге оор залал келтирүү) боюнча Кылмыштар жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган.Токмок ШИИБдин Криминалдык милиция кызматынын тиешелүү кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам изилдөө иш-чаранын натыйжасында кылмышка шектелип 47 жаштагы адам кармалды.

Тергөөнүн алдын ала маалыматына ылайык, каза болгон адам кылмышка шектүү жарандын аялын карап койгондугу үчүн экөөнүн ортосунда жаңжал чыккан.

Учурда сотко чейинки өндүрүш иши жүргүзүлүп жатат.

Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком