16:30, 26 баш оона 2019
Доска Авто Недвижимость Компании Кто есть кто Мнения читателей Ойно Работа Справочник АКИ-TV Баракелде Булбул

Кыргызстандык жаш шахматчылар Азия чемпионатында 3 медаль утту

На русском
17:56, 10 чын куран 2019 251

Баракелде -  Кыргызстандык шахматчылар 8-18 жаштагылар арасындагы Азия чемпионатында 3 медалга татыктуу болушту. Турнир Калутара (Шри-Ланка) шаарында өтүп, жалпы 36 топтом медаль ойнотулду.

16 спортчудан куралган команданы машыктыруучу Айжан Алымбай кызы жетектеп барды. Алардын ичинен 8 жаштагы Айжан Съездбекова 8 жолу жеңишке жетип жана 1 жолу тең чыгып, мелдеш бүткөнгө чейин эле алтын медаль утуп, Азия чемпиону аталган.

Айжан Съездбекова

Ал эми 18 жаштан жогорку шахматчылар арасында күч сынашкан Бегимай Заирбек кызы 6 жолу жеңишке жеткен, бир оюнда атаандашы менен тең чыгып, Вьетнам менен Индиянын шахматчыларынан жеңилген.

Бегимай Заирбек кызы

Эржан Жакшылыков 12 жашка чейинки спортчулар менен күч сынап, 6 упай алган. Оюндун бир партиясында индиялык шахматчыдан утулуп калып, жыйынтыгында Азия чемпионатынын күмүш медалына ээ болгон.

Эржан Жакшылыков

Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком