08:43, Үчтүн айынын он тогузу, 2020
21:00, Үчтүн айынын он сегизи, 2020241 Ак-Сууда жолбун иттер атылууда. Сүрөт
20:55, Үчтүн айынын он сегизи, 20201357 Гепатит кантип билинет? Ооруну алдын алабыз
20:11, Үчтүн айынын он сегизи, 2020131 Кыргызстандыктар көп чалдыккан оорулар

Элчи Болот Отунбаев менен Дональд Трамп жолугушту

На русском
08:46, Чын куран айынын ону, 2019 297

Баракелде -  Кыргызстандын Америкадагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Болот Отунбаев АКШнын президенти Дональд Трампка ишеним грамотасын тапшырды. Жолугушуу 8-апрелде өткөнүн элчиликтин басма сөз кызматы билдирди.

Отунбаев Болот Исакович аталган кызматка 15-январда дайындалган. Ал 1965-жылдын 9-мартында Ош шаарында төрөлгөн.

Өмүр баяны

Билген тилдери: кыргыз, орус, англис, түрк

Билими:

- 1982-1987-жылдары М.В.Ломоносов атындагы Москва мамлекеттик университети, тарых факультети;

- 1990-1993-жылдары М.В.Ломоносов атындагы Москва мамлекеттик университетинин тарых факультетинин аспиранты, тарых илимдеринин кондидаты;

- 1992-1993-жылдары М.В.Ломоносов атындагы Москва мамлекеттик университетинин башкаруу мектеби;

- 1998-2000-жылдары Россия Федерациясынын Тышкы иштер министрлигинин Дипломатиялык академиясы;

Эмгек жолу:

- 1987-1990-жылдары Бишкек шаарындагы №67 орто мектепте мугалим;

- 1990-1993-жылдары Москва мамлекеттик университетинин тарых факультетинин аспиранты;

- 1993-1995-жылдары Бишкек шаарындагы эл аралык кызматташуу боюнча түрк агенттигинде кеңешчи;

- 1995-1996-жылдары Түркиянын Анкара шаарындагы ТИКА компаниясынын борбордук кеңсесинде кеңешчи;

- 1996-1998-жылдары ТИКАнын Кыргызстандагы өкүлү;

- 1998-2003-жылдары Кыргызстандын Россия Федерациясындагы элчилигинде биринчи катчы;

- 2003-2005-жылдары КР ТИМдин батыш өлкөлөр жана ЕККУ башкармалыгынын башчысы;

- 2005-жылы КР ТИМдин Чыгыш өлкөлөр башкармалыгынын башчысы;

- 2005-2009-жылдары Кыргызстандын Түркиядагы элчилигинин кеңешчи-өкүлү;

- 2010-жылы Жогорку Кеңештин депутаттыгына КСДП партиясынан талапкер;

-2010-2012-жылдары КСДП партиясынын республикалык штабынын координатору, саясий кеңештин мүчөсү;

- 2012-2015-жылдары Кыргызстандын Германиядагы толук ыйгарымдуу элчиси;

- 2016-2019-жылдары Кыргызстандын Россиядагы толук ыйгарымдуу элчиси.

Үй-бөлүү, үч уулдун атасы.

Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком