10:42, 10 бештин айы 2019
Доска Авто Недвижимость Компании Кто есть кто Мнения читателей Ойно Работа Справочник АКИ-TV Баракелде Булбул

«Коопсуз шаар»: Жогорку Кеңештеги комитет айып пулду азайтууну сунуштады

На русском
12:09, 9 чын куран 2019 284
«Коопсуз шаар» долбоору
«Коопсуз шаар» долбоору

Баракелде -  Жогорку Кеңештин Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин мүчөлөрү «Коопсуз шаар» долбоору боюнча салынган айып пулду азайтууну сунушташты. Бул тууралуу бүгүн, 9-апрелде депутат Алтынбек Жунус уулу («Өнүгүү-Прогресс») билдирди.

Анын айтымында, арзыбаган эреже бузууларга айып пулду азайтуу зарыл.

«Адамдарга оор болуп жатат, алар мындай көп айыпты төлөй алышпайт. Мисалы, азыр 3 миң сом болгон айыптар 500 сомдон 1000 сомго чейин болушу керек. Бизге бул маселе боюнча көп адамдар кайрылып жатат», - деди ал.

Депутат Акылбек Жапаров («Бир Бол») кесиптешинин сунушун колдоду.

«Убакыт өткөн сайын эреже бузуу азайышы керек, бирок сиздин пикирге кошулам. Жөнөкөй адамдарга мындай айыптарды төлөө оор. Мисалы, кичи автобустун айдоочусу арзыбаган эреже бузуу үчүн дайыма камерага түшсө, ал карызын төлөө үчүн унаасын сатууга мажбур болот», - деди ал.

Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын башчысынын орун басары Ыманалы Саркулов бул сунушту кароого болорун айтты.

Буга чейин Депутат Иса Өмүркулов (КСДП) жол кыймылынын эрежеси бузулган учурда салынган айып пулдун көлөмүн карап чыгууну сунуштаган.

Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком