11:43, 24 теке 2019
Доска Авто Недвижимость Компании Кто есть кто Мнения читателей Ойно Работа Справочник АКИ-TV Баракелде Булбул

«Коопсуз шаар»: Унааны кайра каттатуу боюнча кайрылгандардын саны эки эсеге көбөйдү

На русском
13:52, 5 чын куран 2019 162
«Коопсуз шаар» долбоору
«Коопсуз шаар» долбоору

Баракелде -  Унааны кайра каттатуу боюнча кайрылган жарандардын саны эки эсеге көбөйдү. Бул тууралуу бүгүн, 5-апрелде өкмөттүн отурумунда Мамлекеттик каттоо кызматынын башчысы Алина Шаикова билдирди.

Анын айтымында, январь айында унааны кайра каттатууга 20 миң, февралда 22 миң, ал эми март айында 30 миңден ашык адам кайрылган. Учурда унаанын ээсин издөөгө арналган система иштелип чыкты.

Ал эми өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев: «Адамдардын кайсы унаа өзүнө катталганын билбегени — механизм иштебей жатканынан кабар берет. Ар бир мүлктүн ээсин табуу керек. Өзгөчө адамды сүзүп кеткен унаанын ээсин таба албай жатышат», - деди.

Айдоочулар үчүн

Эгер сиз унааны кайра каттатуу же айып пул маселесин чечүү боюнча унаанын азыркы же мурунку ээсин издеп жатсаңыз «Репортер» сайты бул шилтеме аркылуу кулактандыруу калтырууну сунуштайт. Сиз издеген адам табылып, жооп бериши мүмкүн.

Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком