16:24, 26 баш оона 2019
Доска Авто Недвижимость Компании Кто есть кто Мнения читателей Ойно Работа Справочник АКИ-TV Баракелде Булбул

«Голливуддун тасмаларына мынчалык көп эл келбейт»: «Дарак ыры» Америкада көрсөтүлдү

На русском
20:29, 3 чын куран 2019 260
«Дарак ыры» тасмасын тартуу учуру
«Дарак ыры» тасмасын тартуу учуру

Баракелде -  Американын Огайо штатынын Кливленд шаарында өтүп жаткан эл аралык кинофестивалдын алкагында 31-март күнү кыргызстандык режиссер Айбек Дайырбековдун «Дарак ыры» тасмасы көрсөтүлдү.

Кыргызстандык Досберген Козугулов «Дарак ырын» көрүү үчүн атайын Мичиган штатынан келген. Ал мюзикл тууралуу ой бөлүштү.

«Бул тасмага көптөн бери кызыгып, күтүп жүргөм. 370 чакырым алыска карабай, тасманы көрүү үчүн келдим. Чындыгында руханий ыракат алдым. Зал толо отурган элди көрүп, америкалыктардын алдында сыймыктануу сезими пайда болду. Голливуддун белгилүү тасмалары көрсөтүлгөндө зал мынчалык толгонун байкаган эмес элем.

Эл кызыгуу менен көрүп, тасма кыргыз тилинде англисче субтитр менен болсо да, ар бир эпизоддо эмоциялары билинип жатты. Айрыкча ат менен кулаган, күрөшкөн, мушташкан эпизоддордо аялдар чочуп, кыйкыргандарын угуп жаттым. Ал эми ыр аткарылган эпизоддордо кунт коюп угуп, жактырып жатышканын жымжырттыктан сезип турдум. Өзгөчө башкы каармандын ролун аткарган кыздын ырдаганы залды жаңыртып, өзүнө тартты. Тасма башталганда да, аяктаганда да продюсер Андрей Эпифанов эл менен таанышып, суроолорго жооп берди. Эл тарап кетпей, суроо берип жатканына сыймыктандым жана таң калдым. Алар тасмадагы музыка уккулуктуу экенин белгилешип, саундтрек жазылган дискти кайсы жерден сатып алса болорун, Кыргызстан, тасманын тартылуу тарыхы, режиссер, каада-салттар, костюмдар тууралуу суроо беришти.

Уюштуруучулар убакыттын тардыгына байланыштуу суроолорду токтотуп, кечени аягына чыгарып, суроо бергиси келген элге ыраазычылык билдиришти. Биз кыргыз эли мураска калган үрп-адат, каада-салтыбыз, боз үй, комуз, калпак, тилибиз, өнөрүбүз, маданиятыбыз менен өзгөчөлөнүп, башка элдерге кызыктуу экенибизге дагы бир жолу ынандым. Бул тасманы кыргызмын деп күйгөн чет элде, Кыргызстанда жүргөн ар бир кыргыз көрүшү керек деп ойлойм», - деди ал.

Аталган тасма ошондой эле фестивалдын уюштуруучуларынын да купулуна толгон.

-----------------------------------------------------------------------

Постсоветтик учурдан бери биринчи жолу кыргыз тасмасы Россиядагы жана Москва шаарындагы кинотеатрларда көрсөтүлөт. «Дарак ыры» тасмасынын бет ачары 28-апрелде «Октябрь» кинотеатрында болуп, андан кийин тасманы сатыкка чыгаруу маселеси чечилет. Жалпы кинотеатрларда 2019-жылы күздөн тарта сатыкка чыгаруу пландалган.

Тасманын режиссеру жана сценарийдин автору Айбек Дайырбековдун айтымында, алгачкы кыргыз мюзикли, уламыш тасмадагы окуя XIX кылымдагы жашоону сүрөттөп, сүйүү темасы каралган. Ал эми тасманы тартуу иштери Нарын, Талас, Чүй жана Ысык-Көл облустарында жүрүп, каскадерлордун уникалдуу эмгектери (трюк) көрсөтүлгөн. Тасма үчүн атайын 200дөн ашык оригиналдуу костюмдар тигилди.

Башкы ролдогу каармандын образын кыргыз актеру Өмүрбек Израилов жана казак актрисасы Салтанат Бакаева жараткан. Тасма үчүн атайын 17 ыр жазылып, анын ичинен 12 чыгарма пайдаланылды. Саундтрек «Город 312» тобунун солисти Светлана Назаренко (Ая) жана Кыргызстандын эмгек сиңирген артисти Жылдыз Осмоналиева тарабынан аткарылса, клипти тартуу иштери Игорь Матвиенконун Москвадагы студиясында жүрдү.

Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком