18:44, 22 тогуздун айы 2019
Доска Авто Недвижимость Компании Кто есть кто Мнения читателей Ойно Работа Справочник АКИ-TV Баракелде Булбул

Ишкерден 10 миң доллар талап кылган кылмыштуу топтун мүчөсү кармалды

На русском
18:23, 1 чын куран 2019 324

Баракелде -  ИИМдин Криминалдык милиция бөлүмүнүн 3-башкармалыгынын кызматкерлери опузалап акча талап кылган топтун кылмыштуу ишмердүүлүгүнө бөгөт коюшту. Бул тууралуу бүгүн, 1-апрелде ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

«Белгисиз адамдар өздөрүн криминалдык авторитет катары аташып, Чүй облусунун жашоочусунан ири суммадагы акча каражатын талап кылышкан. Талап кылган акча каражатын төлөөдөн баш тартса физикалык күч колдоно тургандыгын айтып коркутушкан. Коркутуудан эч кандай пайда чыкпаган соң, зомбулук көрсөтүүгө өтүшкөн», - деп айтылат маалыматта.

Март айынын башында ички иштер органдарына бейбаштык жана опузалап талап кылуу фактылары боюнча арыз түшкөн. Чүй облусунун жашоочусунун үйүнө кылмышкерлер күндүз барышып, андан 10 миң доллар өлчөмүндө акча каражатын талап кылышкан. Ошол эле учурда аны бычак менен коркутушуп, денесине жаракаттарды келтиришкен. Мындан тышкары ишкерди күч колдонуп автоунаага салышып, адам жок жерге алып барышып, автоунаанын багажына камашкан. Жабырлануучунун туугандары издеп келип калганын байкашкан соң аны коё беришип, өздөрү кетип калышкан.

Аталган факты Кылмыштар жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган. Аламүдүн РИИБи тарабынан Жазык кодексинин 203-беренесинин 2-бөлүмү (опузалап акча талап кылуу), 170-берененин 2-бөлүмү (адам уурдоо) жана 266-берененин 2-бөлүмүнө (бейбаштык) ылайык сотко чейинки иликтөө башталган. Жогорудагы фактыны иликтөөгө ИИМдин Криминалдык милиция кызматынын Уюшкан кылмыштуулук менен күрөшүү башкармалыгынын ыкчам кызматкерлери тартылган.

Тийиштүү кызматкерлер тарабынан ыкчам иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө мыйзамсыз иш-аракеттерге тиешеси бар болгон жарандардын өздүгү такталган. Көрүлгөн чаралардын негизинде кылмышка шектелип Жалал-Абад облусунун 1984-жылы туулган тургуну кармалды. Ал буга чейин карактоо жана опузалап акча талап кылуу беренелери боюнча сот жообуна тартылган. Криминалдык милиция кызматынын маалыматы боюнча, шектүү уюшкан кылмыштуу топтордун биринин активдүү мүчөсү катары ИИМдин каттоосунда турат. Шектүүнүн жашаган жерин текшерүү учурунда далил буюм катары жабырлануучуну коркуткан бычак табылган.

Азыркы учурда кармалган жарандын ушул сыяктуу башка кылмыш иштерине тиешеси текшерилип, сотко чейинки иликтөөлөр жүрүп жатат.


Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком