00:04, 22 теке 2019
Доска Авто Недвижимость Компании Кто есть кто Мнения читателей Ойно Работа Справочник АКИ-TV Баракелде Булбул

Кыргызстандык жеңил атлетчилер Малайзиядагы турнирде 5 алтын медаль утушту (сүрөт)

На русском
10:00, 1 чын куран 2019 177

Баракелде -  Кыргызстандык спортчулар Малайзиядагы жеңил атлетика боюнча турнирде (1st Malaysian Open Grand Prix 2019) 6 медаль утушту. Мелдеш 30-31-март күндөрү Куала-Лумпур шаарында өткөнүн Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин басма сөз кызматы билдирди.

Кыргызстандын командасынын курамында турнирге машыктыруучу Сатыбек Чокаевдин жетекчилигинде 4 жеңил атлетчи катышты. Анна Буланова менен Гүлшанай Сатарова экиден алтын медаль утса, ал эми Мусулман Жоламанов алтын жана күмүш медаль тагынды.

Жыйынтык:

Гүлшанай Сатарова

800 метр — алтын

1500 метр — алтын

Анна Буланова

100 метр — алтын

200 метр — алтын

Мусулман Жоламанов

800 метр — күмүш

1500 метр — алтын

Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком