19:43, 7 бештин айы 2019
Доска Авто Недвижимость Компании Кто есть кто Мнения читателей Ойно Работа Справочник АКИ-TV Баракелде Булбул

Видео, сүрөт: Бишкектеги эмерек жасоочу цехтен чыккан өрттүн кесепеттери

На русском
13:39, 29 жалган куран 2019 385

Баракелде -  Бишкек шаарынын Октябрь районунун Матросов көчөсүндө жайгашкан эмерек жасоочу цехтен өрт чыкты. Окуя кечээ, 28-мартта саат 18:55 чамасында болгонун ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди.

Өрттүн жалпы аянты болжол менен 1500 чарчы метрди түзгөн. Адамдар жабыркаган жок.

«Өрттү өчүрүүгө 5 бөлүм, 1 штаб, Кризистик кырдаалдарды башкаруу борборунан ыкчам топ, ИИМден 13 кызматкер, райондук электр тармактары ишканасынан 1 бригада, газ чарба ишканасынын кызматкерлери, суу чарба ишканасынан 1 суу ташуучу унаа тартылган. Тартылган күчтөрдүн жардамында өрт саат 20:16да чектөөгө алынып, саат 23:25те толук өчүрүлгөн. Келтирилген материалдык чыгымдар жана өрттүн себеби такталууда», - деп айтылат маалыматта.

Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком