18:39, 22 тогуздун айы 2019
Доска Авто Недвижимость Компании Кто есть кто Мнения читателей Ойно Работа Справочник АКИ-TV Баракелде Булбул

«Смотрящий» аталган адам ишкерди коркутуп, 1,4 млн сомун тартып алган

На русском
13:27, 26 жалган куран 2019 585

Баракелде -  Ички иштер министрлигинин Криминалдык милиция кызматынын 3-башкармалыгынын ыкчам кызматкерлери ири суммадагы акча каражатын опузалап талап кылууга шектелген жаранды кармашты. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, ушул жылдын март айында ички иштер органдарына опузалап акча талап кылуу фактысы боюнча арыз келип түшкөн. Жабырлануучу ишкердин арызында 2016-жылы эки адам өздөрүн криминалдык чөйрөнүн абройлуу адамы катары тааныштырып, күч колдонуп, 1 400 000 сом акча каражатын ээлеп алышканы белгиленген.

Жайыл РИИБдин тергөө кызматы Жазык кодексинин 203-беренесинин 2-бөлүмүнүн (опузалоо) негизинде сотко чейинки иликтөөлөрдү баштаган. Кийинки иликтөөлөргө ИИМдин Криминалдык милиция кызматынын ыкчам кызматкерлери киришкен. 23-март күнү сотко чейинки иликтөөнүн алкагында ыкчам кызматкерлердин ыкчам издөө иш-чараларынын жыйынтыгында Чүй облусунун 1984-жылы туулган тургуну шектүү катары кармалды.

Милициянын маалыматы боюнча, 1984-жылы туулган А.Д. мурда баңгизат сатуу фактысы боюнча кылмыш жоопкерчилигине тартылган жана уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары ИИМдин ыкчам каттоосуна алынып, криминалдык чөйрөдө «Смотрящий» макамына ээ. Ал убактылуу кармоочу жайга киргизилип, сотко чейинки иликтөөлөр жүрүп жатат.

Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком