01:37, 20 теке 2019
Доска Авто Недвижимость Компании Кто есть кто Мнения читателей Ойно Работа Справочник АКИ-TV Баракелде Булбул

Үлгү болчу кадам: «Галатасарайда» ойногон кыргызстандык футболчу мактоого татыды (видео)

На русском
09:20, 26 жалган куран 2019 557

Баракелде -  Түркиянын «Галатасарай U-14» клубунун оюнчусу — кыргызстандык Бекназ Алмазбеков жаштардын чемпионатында жасаган кадамы менен белгиленди. Бекназ аталган команданын капитаны.

«Истамбулспор» клубуна каршы оюнда кыргызстандык футболчу пенальти алуу үчүн жыгылып, калыс ага ишенип 11 метрден топ тебүү укугун берген. Бирок оюнчу калыска эреже бузулбаганын айтканына карабай, ал чечимин өзгөрткөн эмес. 13 жаштагы Бекназ топту атайын дарбазага тепкен жок.

Түркиянын клубу өзүнүн капитанын мактап, ютуб каналына аталган оюндун видеосун «Үлгү болчу кадам» деген аталыш менен жарыялады. Оюндун жыйынтыгында «Галатасарай U-14 » 2:0 эсебинде жеңишке жетсе, голдордун бирин Алмазбеков киргизди. Ал 2015-жылы Бишкектин «Алга» клубунан аталган клубга өткөн болчу.

Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком