11:11, 19 аяк оона 2019
Доска Авто Недвижимость Компании Кто есть кто Мнения читателей Ойно Работа Справочник АКИ-TV Баракелде Булбул

Бишкекте жаңы башкармалыктар иштеп баштайт

На русском
11:17, 19 жалган куран 2019 140

Баракелде -  Бир айдын ичинде Бишкек шаарынын мэриясынын жаңы түзүмдөрү — Жарнама башкармалыгы жана Унаа токтотуучу жайлар боюнча башкармалыктын иши башталат. Бул тууралуу бүгүн, 19-мартта вице-мэр Алмаз Бакетаев Бишкек шаардык кеңештин отурумунда билдирди.

Депутат Кубанычбек Конгантиев бул башкармалык боюнча кандай пландар түзүлгөндүгүн сурады.

«Биз азыр план кое албайбыз. Качан гана толук түзүм түзүлгөндө план коебуз. Бүгүнкү күндө бул иш боюча штат ачылып жатат», - деп Бакетаев жооп берди.

«Бул түзүм 2018-жылдын декабрь айында кабыл алынган. Бирок 4 айдан бери башкармалык иштей элек. Эмне үчүн?» - деген суроо менен Конгантиев кайрылды.

«Уюштуруу иштери болду», - деп вице-мэр жооп берди.

«Декабрь айындагы сессияда мурунку вице-мэр бул түзүмдү коргоп, 150 млн сом убада кылган. Бул акчаны күтүп жатасыңарбы?», - деген суроону Конгантиев узатты.

«Болжол менен 100 - 150 млн сом күтүп жатабыз», - деди Бакетаев.

Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком