03:11, 14 жетинин айы 2019
Доска Авто Недвижимость Компании Кто есть кто Мнения читателей Ойно Работа Справочник АКИ-TV Баракелде Булбул

Якутиялыктар зордуктоого байланыштуу митингге чыгышты. Шектүү кыргызстандык экени болжолдонуп жатат

На русском
18:24, 18 жалган куран 2019 579

Баракелде -  Якутиянын Комсомольск аянтында 17-мартта 200дөн ашык адам чогулуп, миграцияга байланыштуу мыйзамды катаалдаштырууну талап кылышканын жалпыга маалымдоо каражаттары жарыялады. Алдын ала маалыматтар боюнча, мындай нааразычылыкка аял кишинин зордукталганы тууралуу тараган маалыматтар себеп болгон. Болжолдуу маалыматтар боюнча зордуктоого Кыргызстандын жараны шектүү экени айтылууда.

«Зордуктоого шектүү адамдын сүрөтү жергиликтүү жалпыга маалымдоо каражатына жарыяланган. Андан улам анын улуту белгилүү болгону айтылып жатат», - деп жазды «Версия» басылмасы.

Тактала элек малыматтар боюнча, шектүү киши 17-мартта эртең менен саат 04:00 чамасында балдар аянтынан аялды унаага күч менен салып, белгисиз тарапка алып кеткен. Ал эми нааразычылык билдиргендер ошол күнү кечинде чогулушту.

Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком