08:35, 18 тогуздун айы 2019
Доска Авто Недвижимость Компании Кто есть кто Мнения читателей Ойно Работа Справочник АКИ-TV Баракелде Булбул

Бишкектин четиндеги ири өрт. Дрон менен тартылган видео, сүрөттөр

На русском
14:00, 15 жалган куран 2019 324
Өрт
Өрт
// АКИpress

Баракелде -  Бишкек шаарынын батыш тарабында ири өрт чыгып, турак үйлөр, жүк ташуучу унаа күйүп кетти. ӨКМ маалымдагандай, учурда өрт чектөөгө алынып, өрт өчүрүү иштери уланууда.

Өрт чыккан аймакка 5 өрт өчүрүү бөлүмү, ИИМдин, райондук электр тармактары ишканасынын кызматкерлери жана «Тазалык» ишканасынын суу ташуучу унаалары тартылды.

«Өрттүн кесепетинен 1 турак үй жарым-жартылай, 2 үйдүн чатыры, 1 оор жүк ташуучу унаа толугу менен күйгөн. Өрт саат 13:18де чектөөгө алынып, өрт өчүрүү иштери уланууда», - деп айтылат ӨКМдин маалыматында.

Болжолдуу маалымат боюнча, кырсыктан жабыркагандар жана каза болгондор жок.

Күбөлөрдүн бири: «Өрт Новопавловка айылында чыгып, үйлөр күйдү. Андан кийин өрт өчүрүүчүлөр чакырылды», - деди.

Дагы бир күбөнүн айтымында, өрттөнгөн үйдүн тургундары күйүүчү май сатып иштешет. Ал эми күйүп кеткен жүк ташуучу унаада көп өлчөмдөгү солярка бар болчу.

Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком